Куланакта балдарга кенже куракта тарбия берүү боюнча сабактар өттү

Нарын районундагы Куланак айылында кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча семинар-тренинг болду. Иш-чара “Тангабийке- Бердике” бала бакчасында өттү.

Семинарга ата-энелер, бакчанын тарбиячылары, тарбиялануучулары жана “Ага Хан” фондунун эксперти келип катышты.

Аталган бала бакчада 3 жашка чейинки кенже курактагы балдардын тилин өстүрүү жана ой жүгүртүүсүн кантип эрте ойготуу темасында сөз болду.

Семинар учурунда атайын роликтер көрсөтүлүп, талкуулар болгон соң атайын тарбиячылардын жана бөбөктөрдүн жардамы менен кайрадан мисалдар көрсөтүлдү. Ар бир көрсөтүлгөн мисалдар турмуштан алынгандыктан түшүнүктүү болуп улам кызыгууну жаратып жатты. Андан соң катышуучуларды бала бакчанын тарбиялануучулары ойногон оюндар менен топ топко бөлүп ойнотушту.

“Мен семинар болот деп чакырышканынан кош бойлуу болсом келбей эле коёюн деп жатып келгем. Көрсө, наристени курсакта жатканда эле тарбиялаш керек экен да. Атайын мисалдар менен көрсөтүп, өзүм да ролдоштурулган оюндарга катышканда ынандым”, – дейт Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдразакова.

Учурда декреттик отпускада болсо дагы иш-чарага атайын келген айыл тургуну Айгүл эже буларга токтолду:

– Үйдө балдарды тарбиялап жатканда бала кантип өсүп жатканына көп маани бербейт экенбиз. Уулумду көтөрүп алып келгем. Айланасы өзгөрүп калгандыктан өзү 10 айлык болсо дагы ар бир нерсеге аяр мамиле жасап жатканына маани бердим. Анан дагы  өзүнө жаккан нерсени жасап, жакпаса мага башын катып туруп берди.

“Балабызды бакчага берип койдук, тарбиялашат, анан мектеп тарбиялайт деп балдарыбызга көңүл бурбайт экен биз да. Көрсө, бакчага чейин эле курсактан башталат тура. Бакчадан келгенден кийин деле тилин өстүрүү үчүн көп суроолорду толук берип, толук жооп алганга үйрөтүш керек экен. Биз болсо ойнодуңбу, уктадыңбы, тойдуңбу деп коёбуз. Антпей, кандай оюндарды ойнодуң, каша жедим десе кандай экен, арасына эмнелер кошулуптур деп сөзгө тартышыбыз керек тура”, – дейт дагы бир айыл тургуну Замира Абдырасулова.

Бул семинар “Ага Хан” фонду тарабынан каржыланып, буга чейин тарбиячылар жана директорлор окуудан өтүп келишкен. Алган билимин кайрадан жайылтуу максатында тарбиячылар сабактарды өтүп жатышат.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева