Талас: Өрт кызматы 91 жылдык маарекесин өткөрдү

79

Талас облусунун өрткө каршы мамлекеттик кызматы 15-июнда 91 жылдык мааракесин өткөрдү. Мааракеге өрткө каршы мамлекеттик кызматынын жумушчулары, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев куттуктоо сөзүндө, өрткө каршы мамлекеттик кызматы керектүү жана маанилүү кесип экенин белгилеп кетти.

Куттуктоо сөздөрү менен Талас шаарынын өрткө каршы кызматынын башчысы, полковник Аманбай Курманалиев кесиптештерине кайрылып, иштерине ийгиликтерди каалап кетти.

Кыргызстанда бир суткада орточо эсеп менен 20га жакын өрт кырсыгы катталып турат. Айрыкча тилсиз жоонун тутанышына мас болуп алып тамеки чегүү, электр техникасын туура эмес колдонуу, жаңы салынган үйлөрдүн меш, морлору талапка жооп бербегени себеп болуп жатканын адистер айтып келет.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова