Кызыл-Туу айылындагы «Нур» борборунда жайкы окуу болуп ɵттү

43

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 14-июнь күнү жайкы окуу болуп өттү. Окуулар Саадаш Абдылдаева орто мектебинде жайгашкан «Нур» окуу борборунда болду.

Бул окуунун негизги максаты — балдарга салттуу билимдер жɵнүндɵ түшүнүк берүү жана жайкы эс-алуу күндɵрүн пайдалуу ɵткɵрүү болуп эсептелинет. Сабактын темасы «Ат адамдын канаты» деп тандалып алынган.

«Кыргызстанда асыл тукум жылкыларга кɵп кɵңүл бурула баштады. Жылкыларды кымбат баага чет мамлекеттерден алдырышып жатышат. Бул жакшы бирок ошону менен кыргыздын нукура «кыргыз жылкылары» жоголуп бара жатпайбы», — деп суроо салат мугалим Сакенова А.

Кыргыз жылкысын Кызыл Туунун жаш балдарына тааныштырып, мындан ары аны таратуу максатын кɵздɵгɵндɵр кɵп болсо иш оңунан жылат эле дейт ал. Себеби кыргыз жылкысындай чыдамкай чыйраак аттар дүйнɵдɵ аз.

«Нур» окуу борборунда мындай окутуулар ай сайын ɵткɵрүлүп турат. Кызыккандар келип маалымат алып турса болот.

Даярдаган: Орозбекова А.