Талас: Гүл өстүргөн Айнура Муктарбекова

176

Айрымдар кооздук үчүн, айрымдар дарылык үчүн, дагы бирөөлөр бизнес үчүн гүл өстүрсө, бул ишти хобби катары көргөндөр да бар. Айнура Муктарбекова төрт жылдан бери гүл өстүрүп, гүлдөр менен сырдашып келген. Бүгүнкү маегибизде бакча гүлдөргө туура кам көөрүү жөнүндө айтып берди.

Айнура Муктарбекова, “Талас Флора” уюмунун жетекчиси

– Бакча гүлдөрү экиге бөлүнөт биринчиси көп жылдык, экинчиси уругунан себип көчүрө турган гүлдөр. Февраль айында эле уругунан себип өстүрүп алып кайра көчүрүш керек. Көп жылдык гүлдөр кышында жердин астында калат, алардын үстүн жылууласа, ошондо гана эрте чыгып жакшы гүлдөйт. Ар бир гүлгө кам көрүү маанилүү, тез-тез суугарып, түптөрүн жумшартып, күндүн түз тийүүсүнөн сакташ крек. Гүлдөр назик болгондуктан, курт-кумурскалардан көп жабыркашат. Ошондуктан дарылоону да унутпаңыздар.

Гүлдү кыз де, кызды гүл де! Анткени экөөсү назик нерсе! Табияттын бул кереметтери назиктиги, сулуулугу, жагымдуу жыты менен бири-бирине абдан окшош келет. Андыктан гүлдүн баркын аялзаты мыкты билет.

Талас шаарындагы “Береке-Агро” дүкөнүнүн сатуучусу Эркайым бакча гүлдөрүнө кам көрүүдө буларга көңүл буруш керек дейт.

– Биринчиден, гүлдөрдүн топурагына кам көрүү зарыл. Жер үчүн бизде бирмиколит, дренаж, пенопласт бар. Өсүмдүктөр үчүн витаминдер болот жана ошондой эле курт-кумурсалардан эффективдүү дарылар бар.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, гүлдөр адамдын маанайын көтөрүп, мээдеги албууттанууну, нервдик жарылууну тынчтандырат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбековна