Сарбан айылындагы эмгеги сиңген адамдар

Сокулук районунун Сарбан айылына эмгеги сиңген инсандар көп. Алардын айрымдары Сагынбек Мырзалиев, Күмүшбек Шеримкулов, Сабыр Тыналиев. Булар Сарбан айылына өздөрүнүн колунан келген жардамдарын беришкен.

Сагынбек Мырзалиев тууралуу иниси Искендер Шаршембаевден маалымат алдык. 

– Сагынбек Мырзалиев 1930-жылы Сокулук районуна караштуу Сарбан айылында төрөлгөн. Баш-Кара-Суу жети жылдык мектебин аяктаган. Андан кийин КМУнун билология-химия факультетин бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун Жал орто мектебинде мугалимдиктен баштаган. Жөндөмдүүлүгүнө жараша кийин агрономдук жагына ооп кеткен. 1970-жылдарда биздин эксперименталдык чарбага башкы агроном, андан кийин чарбанын директору болуп иштеп туруп жогорку жетишкендиктерге жеткен. Жалдын үч кабат мектебинин курулушу жеке Сагынбек Мырзалиевдин эмгеги. Дагы көп иштерди кылмак, оорунун кесепетинен 1980-жылы дүйнөдөн кайткан. Азыр неберелери бар. Жубайы да дүйнөдөн өтүп кеткен.

Күмүшбек Шеримкулов тууралуу маалымат алыш үчүн иниси Суанбек Шеримкулов менен маек курдук.

Суанбек Шеримкулов:

– Шеримкулов Күмүшбек 1942-жылы 18-февралында төрөлгөн. 1957-жылы 9-классты Арчалы айылында бүттү. Ошентип Кара-Балтага азык-түлүк техникумуна кетип, 4 жыл окуп бүтүргөн. 1963-жылы армияга кетип, деңиз флотунда 4 жыл 4 ай кызмат өтөдү. Келип 7 күндөн кийин нан заводго куруучу болуп кирип, кийин механикке чейин көтөрүлгөн. 1967-жылы Москва шаарындагы азык-түлүк институтуна өтүп, аны 6 жыл сырттан окуп бүтүргөн. 1970-жыл мартта Григориевский заводдун директору болду. Иштеп турган мезгилинде Ысык-Көл райондук партиянын мүчөсү, кийин депутат да болгон. 1982-жылы Бишкектеги нан заводуна башкы директор болгон. 1992-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болду. Өмүрүнүн аягына чейин нан заводун жетектеген. Өзүнүн ушул эмгек жолунда бир нече жолу өкмөттүн эмгек орден- медалдары жана грамота-сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой эле өмүрүнүн аягына чейин Орок айылынында жашаган кары-картаңдарга жардам берип келген.

Сабыр Тыналиев тууралуу маалымат алыш үчүн уулу Султан Тыналиевге кайрылдык. 

Султан Тыналиев:

Атам Тыналиев Сабыр 1907-жылы Сарбан айылында төрөлгөн. 13 жашында тоодо кой кайтарып жүрүп интернат мектепти угуп Токмок шаарына окуганы качып кетет. Ал жакта жети жыл мыкты билим алат. Кесиби боюнча милициянын окуусун бүткөн жана сот багытында окуган.  Финансы тармагын дагы бүтүргөн. Соттун окуусун бүтүрүп Бишкекте прокурор болуп иштеп калган. Дагы билимин жогорулатуу үчүн Ташкенттен прокурордун окуусун 5-6 ай окуйт. Анан прокурор болуп иштейт. Борбордук комитеттин атынан инстурктор болуп иштеп, Кочкор районуна которулуп кетет. Атамдын колунан бардыгы келген. 1941-жылы Кочкор районунун экинчи секретары болуп иштеп жүргөндө согушка чакырат. Бирок бул жакка секретар керек болгондуктан согушка барбай калат. Кайра түштүк жакка котрулат жана ал жакта экономика окуу жайын окуйт. Сузак районунун Жаңы жол айылына завхоз болуп иштеп жүрүп, Орок айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин төрагасы болот.

Маектешкен: Асел Эркинбек кызы