Жайлоо бала бакчалары

143

Талас облусу боюнча билим берүү өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү, жайыт коммитеттердин төрөгалары жана коомчулук 13-июнда жайлоо бала бакчалары темасына арналган семинарга катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты — Талас облусундагы жайлоо өнүүгүү борборлорун уюштуруу жана ата-энелерди мобилизациялоо. Семинар Талас шаарындагы “Жарандар үнү” коомдук фондунда өттү.

Республика боюнча 2017-жылы 100дөн ашык жайлоо бала бакчалары ачылат, ал эми Талас облусунда сегиз бала бакча ачылмакчы. Бакчага 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар жана жаш өспүрүмдөр катыша алат. Бул бакчада ар түрдүү ийримдер өтүлөт, мисалы мастер класстар, сүрөт тартуу, шахмат оюндары, китеп окуу, англис тилин үйрөнүү жана башка.

Жайлоо өнүгүү борборлору долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбековдун айтымында, жалоо бала бакчалары балдардын келечегине чоң түрткү берет.

— Бир гана балдар менен иштебестен биз ата-энелер менен да тыгыз иштейбиз. Балдарга кандай мамиле кылыш керек, кандай тарбия берсе туура болот, ушундай темаларга окууларды өтүп турабыз. Биздин максатыбыз — ушул жайлоодогу балдарга жардам берүү, алардын жалпы өнүгүүсүнө салым кошуу.

      Аудио: Жайлоо бала бакчалары

Аба ырайына ылайктуу бала бакчалары өз кызматын көрсөтөт. Мисалы түштүк тарапта 3 айга чейин созулушу мүмкүн, ал эми Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 1,5-2 айга чамалап барат.

“Жайлоо бала бакчалары” долбоору Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын демилгеси менен өтүп жатат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова