Таласта мугалимдер арасында спартакиада өттү

139

Талас шарындагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде 13-июнь күнү облустагы мектеп мугалимдеринин арасында облустук спартакиада өттү.

      Аудио: Таласта мугалимдер арасында спартакиада өттү

Бул оюнга Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Манас райондорунан жана Талас шаарындагы мектептердин мугалимдери катышышты.

Оюндан жеңген команда республикалык спартакиадага жолдомо алат.

Спартакиадада ордо боюнча ийгилик жараткан Талас районун «Манас» интернат лицейинин дене тарбия мугалими Баатырбек Өмүшев кубанычын жашырган жок.

«Манас» интернат лицейинин дене тарбия мугалими Баатырбек Өмүшев.

Оюндун жыйынтыгында күчтүүлөр аныкталып, Талас району менен Талас шаары биргеликте 1-орунду багындырышты.

2-орунду Бакай-Ата району, 3-орунду Кара-Буура, 4-орунду Манас району ээлешти.

Уюштуруучулардын айтымында, республикалык спартакиадага жаңы команда түзүлүп, ар бир оюндан жеңгендерге жолдомо берилмекчи.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова