Акталаалык жаштар Бишкекте ооз ачар уюштурат

Бүгүн “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү демилге көтөрүшүп, соопчулук үчүн Бишкектеги «Атлас» ресторанында ооз ачар уюштурат.

Бирикменин мүчөсү Кубаныч Баялиевдин айтымында, ооз ачардын чыгымын бирикменин мүчөлөрү өздөрү көтөрөт. Ал эми салым кошом деген жаштарга эшик ачык. Азырынча 150 кишиге даярдалып жатат. Ар бир муундан бирден өкүл жоопкерчиликтүү болуп, ооз ача турган адамдарды  такташат.

Даярдаган: Г.Мамытбекова