Көптөн күткөн Рамазан айы келди

168

Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн Рамазан айы кирип келди. Биз орозо учурундагы көңүл буруш керек болгон жагдайлар тууралуу дин кызматкеринен жооп алдык.

Орозо – бул тамактан, суусундук ичүүдөн,жаман сөзду сүйлөөдөн, жыныстык катнашка барбоого, таң аткандан күн батканча ибадат кылыш үчүн берилген ай.

1426-жылдан бери мусулмандар орозо кармап келишет.

      Аудио: Көптөн күткөн Рамазан айы келди

Быйыл орозо жылдын эң узун күндөрүнө туш келди. Алсак, 19-24-июнь күндөрү ооз жабуу мөөнөтү 17 саат 50 мүнөткө чейин созулат. Күндүн узактыгынан сырткары эң аптаптуу аба ырайында орозо кармап жүрүү адамдын организми үчүн да, анын эрки үчүн да чоң сыноо деп билдирди шаарыбыздын тургундары.

Мындан улам ооз жабууда кандай тамак жесе курсакты ток кармайт, кайсы тамак менен оозду ачса ден соолукка пайда жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк. 

Орозонун негизги эрежелери боюнча Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек Ажы төмөнкүлөргө токтолду:

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?

  • Унутуп жеп же ичип алган учурда, же кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, же тамагына чымын-чиркей кирип кетсе;
  • Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса;
  • Жалгыз болуп, таңдайдан өткөзбөстөн тамактын тузун көрүп, кайра тилди суу менен чайкап салса;
  • Ден соолугуна байланыштуу сайылган уколдон.

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?

  • Атайылап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе;
  • Түгөйүнө атайын жакындык кылса;
  • Чылым же насыбай чексе;
  • Тил менен күнөө иш кылса (сөксө, урушса).

Быйыл орозо айында берилчү битир-садаканын баасы киши башына 30 сомдон туура келет. Башкача айтканда, 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Мындан сырткары 1 килограмм 600 грамм ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма берсе болот.

Даярдагандар: Рахат Камчыбекова, Зоотбек Ботукеев, Айдана Эрнис кызы