ФАО уюмунун негизги максаты – дыйканчылыкты өнүктүрүү

Азыркы тапта өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ФАО уюму көптөгөн иштерди алып барууда. Уюмдун максаты, кандай иштерди алып баргандыгын жана алдыда дагы кандай иштерди өткөзө тургандыгы тууралуу ФАОнун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы өкүлү Сагынай Осмонакунова менен маек курдук.

Саламатсызбы? ФАО ачылганына канча убакыт болду? Уюм эмне максат менен ачылды жана элге кандай таасирин тийгизүүдө?

– ФАОнун ачылганына бир жарым жыл болду. ФАО бул “Бириккен улуттар” уюмунун астында айыл чарба багыттын өнүктүрүү жаатында иш алып барат. ФАОнун негизги максаттары – мал чарбачылыгын өстүрүү, мал үчүн тоют багытын чыңдоо, дыйканчылыкты, мал багууну өнүктүрүү. Айыл ичиндеги аярлуу үй-бүлөлөрдү көтөрүүнүн максат кылат.

ФАО до канча киши иштейт, бир группада канча киши бар?

– Биздин айыл боюнча 40 адам (аялдар) эмгектенет. Беш группа бар, ар бир группада сегизден киши бар.

ФАОдо кандай иш-чаралар көрүлөт?

– Аярлуу үй-бүлөлөргө атайын себүү үчүн үрөндөрдү алып келип жатышат. Техника жагынан жана билим жагынан жардам берип жатышат.

ФАО го кандай кишилер керек болот?

– ФАОго бош, дайыма уюмду колдогон, аярлуу үй-бүлөлөр керек.

Алдыдагы пландар кандай?

– Алдыдагы пландар – ушундай группаларды дагы көбөйтүү, техникаларды көбөйтүү, жер иштетүүнү дагы жогорулатуу максаты.

Маегиңизге рахмат!

Маектешкендер: Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы
Редактору: Нуржанат Советбек кызы