Баетовдо тогузторолук спортсмендер менен мелдештер өтүп жатат

Бүгүн Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде акталаалык оюнчулар менен Тогуз-Торо районунан келген оюнчулар спорттун волейбол жана шахмат түрү боюнча күч сынашууда.

“Манас  маданият” фестивалынын алкагында өтүп жаткан оюндун ачылышына райаким Семетей Черикбаев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Ак-Талаа районунун спорт инспектору М.Чырмыев:

– Тогуз-Торо районунан волейбол боюнча төрт команда, ал эми шахмат боюнча төрт оюнчу келди. Ал эми Ак-Талаа районунан волейбол боюнча беш, шахмат боюнча төрт оюнчу катышат. Оюндар эртең 9-июнда жыйынтыкталат.

Даярдаган: Г. Мамытбекова