Кара-Суу айылында чөп чабык башталды

Жайдын биринчи айы кирип келип, Чүй өрөөнүндө чөп чабык башталды. Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы дыйкандар кышка даярданып, беденин биринчи чабыгын чаба башташты.

Быйыл эрте чабылып калган чөптөр жамгырга калып, дагы эле кургабай жаткан учуру. Жамгырдын үзгүлтүксүз жаашы былтыр далай фермерлерге зыян алып келтирген. Далай дыйкандардын түктөрү чирип, өрттөп жиберүүгө аргасыз болушкан. Түктүн баасы дагы арзан болгон, анткени чабылган чөп жамгырга улам-улам калып, түктөлүп, сапаты начар болуп калган.

Кара-Суу айылынын дыйкандарынын негизги пайда ала турган иштери булар: мал багуу, беде, арпа, буудай, жүгөрү жана кызылча иштетүү. Бедени түктөп сатышып, акчасын кызылча жана башка нерселерди иштетүүгө жумшашат. Кээ бир дыйкандар жамгырга калбай бедесин түктөп сатууга үлгүрүп калышты.

Алардын бири Жоро Алиев:

– Мен чөбүмдү чаап, жыйнап, сатып жибергенден кийин жамгыр жаады. Азыр жакшы, интернетти карап иштерибизди кылабыз. Чөптүн баасы 50-80 сомго чейин болуп жатат. Сапатына жараша.

Кара-Суу айылынын башчысы Төрөбек Алиев:

– Айылыбызда чөп чапкыч “ешкабыз” жок, ошондуктан айылдын чөптөрүн Ставрополовкадан, Ысык-Көлдөн, Нарындан келгендер чаап, акча таап кетишет. Чөп чабуу процессин улам-улам жамгыр жаап, аба-ырайынын бузулушу кармап турат. Буйруса онунан кийин күн ачылып, ишибиз уланат окшойт.

Учурда Кара-Суу айылында тургундар беделерин чаап, кызылчаларын отоп, арпа, жүгөрүнү дарылап, тоют беришип, иш кызуу жүрүп турган учур.

Даярдагандар: Чакчагаев Сутаналы, Бейшенбекова Гүлзаада.