Бир убакта эки ой жүгүрткөн Каным

Каным Керимбекова Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин 5-классынын окуучусу. Кичине экенине карабастан окуунун алдыңкысы, мектептеги коомдук иштерге жигердүү катышууга аракеттенет.

Бир жылдан бер мектепте жаңы ачылган ой жүгүртүү (менталдык) математикасы боюнча ийримге катышып, ийгиликтерди жаратып келет.

Канымдын айтымында, ийрим кызыктуу өтөт. Эгерде математиканы жакшы билсең калган сабактарды оңой өздөштүрүүгө болот дейт ал. Ийримге катышкандан бери жетекчиси Нургүл Макелееванын жардамы менен аз эле убакытта көп нерсени үйрөнүүгө жетишкен.

Каным бир эле учурда эки ой жүгүртө алат. Тактап айтканда, бир учурда ыр да айтып, эсеп да чыгара берет.

“Буюрса математикалык төрт амалдын үчөөнү үйрөндүк. Эмдиги жылы да буюрса улантам” деди Каным.

Даярдаган: Мамытбекова Г.