Гарвардды аяктаган кыргызстандык Айзада Марат кызы менен маек

502

Мындан үч жыл мурун, тагыраак айтканда 2014-жылдын июнь айларында интернеттен коомчулука кайрылып жардам сураган Айзада Марат кызы, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап келген учуру.

      Аудио: Гарвардды ийгиликтүү аяктаган Айзада Марат кызы менен маек

— Биринчи эле өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, буга чейин Кыргызстандын кайсыл жеринде төрөлүп чоңойдуңуз?

— Өзүм жөнүндө айта кетсем, 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда гы Жалгыз-Өрүк айылында төрөлгөм. Андан соң 5 жашымда Жети-Өгүз айлында көчүп келдик. Т.Иманов атындагы орто мектепте 5-клааска чейин билим алдым. Андан кийин дагы Кызыл-Суу деген райондун борборуна көчүп келдик. Көп өтпөй атамдын жумушуна байланыштуу Ысык-Көл облусунда Каракол шаарына көчүп келгенбиз. Каракол шаарынан М.Горький атындагы орто мектепте 11-классты аяктадым. Мектепти аяктагандан кийин эл аралык ФЛЕКС деген программа менен 1 жыл АКШ мамлекетине окуп жашап келдим жана ал жактагы мектепке дагы баргам, андан кийин англис тилин дагы өркүндөтүп үйрөндүм. АКШ мамлекетинен келип жалпы республикалык тест тапшырып жогорку окуу жайлардын бирине бюджеттик бөлүмүнө өттүм.

— Сыр болбосо Кыргызстандын кайсыл жогорку окуу жайлардын аяктап кайсыл кесиптин ээси болдуңуз?

— Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын баш сабы болгон Улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырып аяктап, андан кийин юридикалык фирмада эмгектендим жана Улуттук университетинин юридикалык факультетинин директорунун орун басарына жумушка чакырып калышты. Ал жакта да үч жылга жакын убакытка чейин эмгектендим.

— Сиздин Гарвард университетинде окууга жана алдыга койгон максатыңызга жетем дегенге эмне себеп болду?

— Негизи ар бир адамдын балалык кыялы бар эмеспи, менин дагы балалык кыялым бар болчу. Гарвард университетине тапшырууну аябай кыялданчумун. Жогорку окуу жайды бүтүп алып, магистратураны кайсыл жактан тапшырсам деп ойлонуп “эми Гарвард университетине тапшырууга убакыт келди” деп сынак тапшырууну чечтим. Андан кийин Гарвард университетине биринчи жолу эле тапшырганда эле өтүп кетем деп ойлогон эмесмин кудай жалгап өтүп кеттим. Улуттук университетине эмгектенип жатканым дагы өтө чоң түрткү болду.

— Гарвард университетине тапшыруу учурунда кандай кыйынчылыктар жаралды?

— Мен биринчи эле бул окуу жайга тапшырууда үч нерсени айта кетет элем, бул жакта метептеги, жогорку окуу жайдагы жана бул жашоодогу жетишкендиктерди карайт. Гарвард университетине тапшыруу абдан оор жана атаандаштык өтө күчтүү. Мен университетте окуп жүргөндө дебат, чет өлкөгө семинарларга катышууга аракет кылчумун жана мектепте да, жогорку окуу жайда окуп жүргөндө да бир сабагымдан дагы төрт албай, жалаң беш менен аяктаганмын. Негизи эле Гарвард университетине дараметтүү адамдарды кабыл алат.

— Гарвард университетине тапшырууда акча каражатын табууда кыйынчылыктар болдубу?

— Чынын айтсам эң оор акча табуу маселеси болду. Гарвард университетин 60 миң дол лардан 30 миң долларга жана Гарвард университетинен финансылык жардам сурап эми 30 миң доллар акчаны өзүң төлө деп акча издеп, “Kloop Media” фондунун директору Бектур Искендер менен бирге краундфандинг акциясын Фейсбук баракчасынан ачып, акча каражатын чогулта баштадык. Бектур Искендер чогулган акчадан бир канча пайызын бизге бересиң деп айтты, мен макул болдум. Себеби менде башка эч айла жок болчу. Анан кийин президентке кат жолдоп акча каражатын сурадым. Мындан тышкары мага ар кайсы радиолордон телефон чала башташты «Азаттык» радиосунан жана башка массалык маалымат каражатынан байланышты. Андан кийин Кыргызстанда ар кайсы компанияларга кайрылып акча каражатын сурадым. Эгерде акча каражаты табылбай калса эмне кыласың деген да суроо жаралды. Фейсбук краунфандинг акциясынан акча каражаты 5000 доллар чогулду жана президент аппаратынан да 10,000 доллар акча каражаты которулду. Андан кийин Гарвард университетинин юридикалык факультетин аяктаган Гүлнара Аманжолова телефон аркылуу мага чалып «мен сени түшүнүп жатамын» деп 5000 доллар берди. Бир күнү телефон аркылуу «Бай-Түшүм» корпорациясынын жетекчиси өзүнүн кеңсесине чакырып, абдан жакшы сүйлөштүк жана абдан сүйүндү. Канча акча жетпей жатканын сурады. Мен 5000 доллар жетпей жатканын айттым. Ал киши мага ошол акча каражатын берип жатып «бул акча каражатын кайра артка кайрыбай эле кой, менин сага жардамым болсун» деп айтты. Баары биригип 25000 доллар акча каражаты чогулду. Мен дагы мындан кийин мага окшогон Америкага окуймун деген, акча каражатына муктаж болгон балдар-кыздарга берейин деген ниетим бар.

— Окуу учурунда кандай кыйынчылыктар болду, биздин жогорку окуу жайларга салыштырмалуу кандай айырмачылыктары бар экен?

— Ооба, Гарвард университетинде окуган абдан оор биздикине салыштырмалуу. Өз алдынча тапшырмаларды көп берет, мисалы, Кыргызстанда жогорку окуу жайлар лекциялар көп. Гарвард университетинде бир сабактан 20, 30, 200 баракка чейин тапшырма берет. Эң негизи эле өз алдынча тапшырма менен иштөөнү талап кылат.

— Окуу процесси канча убакытка созулду?

— Бир жыл убакытка созулду, мурунку жылдын август айында башталып, кийинки жылдын май айында бүттү.

— АКШ жана Гарвард университети сиздин жашооңузду өзгөртүү үчүн унутулгус кандай таасирди калтырды?

— Гарвардды окуп бүткөндөн кийин да өтө чоң максаттарды коёсуң, андан кийин дагы жаныңдагы чогуу окуган студенттерди көрүп андан да чоң ийгиликтер жана жаңы мүм- күнчүлүктөр ачылат. Мен буга чейин такыр элестете албайт болчумун Кыргызстандын диплому менен Лондондогу банктардын биринде иштеймин деп. Эми дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард университетин бүткөндөн соң ийгиликтер жана абдан көп мүмкүнчүлүктөр ачылат экен.

— Гарвард университетин бүткөндөн соң деле жумуш табуу оңой болбосо керек?

— Ооба, мен айтып кеткендей жумуш табуу оңой эмес. Адам өзү аракет кылыш керек же мен Гарвард университетин бүтсөм эле ал мага жумуш табып бербейт да.

— Сиз өткөн жылы эле Фейсбукта жеке баракчаңызга Гарвард университетин бүткөндөн соң адвокатуралык лицензияны да алдым деп жарыялап сүрөт киргизип коюп турдуңуз, мындай адвокатуралык лицензияны алгандагы көйгөйлөргө токтолсоңуз?

— Эң негизгиси адвокаттык лицензияны алыш үчүн Америкадан магистратураны юридикалык факультетин бүтүү зарыл, бул эң негизги талаптарынын бири, ансыз адвокаттык лицензия берилбейт. Адвокаттык лицензияга тапшырыш үчүн 16 сабактан сынак тапшырдым, бир жарым ай тынбай даярдандым, себеби адвокатуралык лицензияны алыш Гарвард университетинен дагы оор экзамендер болду. 2016-жылы 22-23-февралда Нью-Йорк шаарында 5 эссе, 1 меморандум жаздык, экинчи күнү тесттик суроолор тапшырдык.

— Учурда Лондон шаарында Европалык банктардын биринде юрист болуп эмгектенип жатканыңыздан кабардарбыз, бул жакка кантип тандалып калдыңыз?

— Мен Гарвард университетин бүтүп жаткан учурда менин тааныштарым айтып калды, “мен Калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкында сатжировкадан өткөнмүн, Айзада сен иштебейт белең?” деп сурады. Мен ооба мен иштегим келет деп ал банктын жетекчилиги менен интернет аркылуу кат жазышып, төрт интевьюдан өтүп юирист болуп эмгектенип калдым.

Даярдаган: Дамир Мамбеталиев