Талас облустук сотунда окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

110

Талас облустук соту Талас шаарынын №3 мектеп-гимназиянын 9-класстагы окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду.

Өткөрүлгөн иш-чара жаш муундарга зарыл болгон укуктук сабаттуулугун жана укуктук маданиятын көтөрүүгө багытталган.

Жолугушуунун башталышында Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калиева балдар менен учурашып сот системасы эмнени түшүндүрөт, соттор кандай жумуш алып барышат, алардын ыйгарым укуктары кандай, сот системасынын ачык-айкындуу болушу үчүн кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу айтып берди.

Ал улук катчылардын, жазык, жарандык жана экономикалык коллегиялардын катчылыгынын, кеңсе жана соттун архивинин иш-милдеттери менен тааныштырды. Мындан тышкары соттун төрайымы сот имаратында мектеп окуучулары үчүн экскурсия өткөрүп, соттук териштирүү өткөн залдарды көрсөттү.

Талас облустук сотунун төрайымы Калиева окуучуларга сот кесиби жөнүндө айтып берип, келечекте кесипти туура тандоону сунуштады. Балдар өз кезегинде кызыгуу менен соттун төрайымын угуп, келечектеги кесиптери жөнүндө ой бөлүшүштү. Мындан тышкары окуучулар баарлашууда активдүү катышып, кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап, Талас облустук сотунун төрайымы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алдыда боло турган экзамендерге ийгилик каалап, келечекте кесипти олуттуу мамиле менен тандоону сунуштады.

 Даярдаган: Камчыбекова Р.