Ооган-Талаа: 30 жылдыктар мектептин бий тобуна форма белек кылышты

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы орто мектепти 1987-жылы бүтүргөндөр 30 жылдыкка чогулушту. Алар өз мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн белек кылышты.

Бул демилгени мектепти 1987-жылы бүтүргөн кыз-келиндер колго алышып, айылдагы Сатыбалды Далбаев мектебинин бийчилер тобуна кыргыз көйнөктөрүн тиктирип беришти. “Алты көйнөк баш кийимдери менен жалпы 20 миң сом болду”, – деди 30 жылдыкка келген Римма Рысбаева.

Ал эми ушул мектептин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектептин курулушуна керектөө үчүн 2 тонна цемент алып беришти.

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу