Жалал-Абадда окуучулар арасында биринчи жардам көрсөтүү боюнча мелдеш өттү

Жалал-Абад шаарында “Кызыл чырым” жана “Кызыл жарым ай” коомдору окуучулар арасындагы биринчи жардам көрсөтүү боюнча мелдеш уюштурду. Ага Ооган-Талаа айылынан да команда барып катышып келди.

Жалал-Абад шаарында өткөн мелдешке облус боюнча жалпы 11 команда катышты. Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду Жалал-Абад шаарынын №9 мектеп-гимназиясынын командасы ээледи. Ага Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинен беш окуучу барып катышып келишкен.

Мелдештин аягында даярдап алып барган мугалимдерге жана окуучуларга белектер берилип сыйланды.

“Бүгүнкү мелдеш аябай жакшы өттү. Биринчи жардам көрсөтүүнү окуучулар үйрөнүп, жардам бере алышат”, – деп билдирди Далбаев мектеп командасынын жетекчиси Гүлназ Камбарали кызы.

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канатбек уулу