Ооган-Талаа: 60 жыл мурун мектепти бүтүргөн Григорий айылга келди

Григорий Красюков мектепти аяктаганына 62 жыл болгондон кийин өз мектебин сагынып Москва шаарынан келген.

Красюков Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №3 «Кызыл-Октябрь» (азыркы Сатыбалды Далбаев) орто мектебинин ак босогосун 1955-жылы аттаган. Ал ушул мектептен 8-классты бүтүргөндөн кийин Москва шаарына окууга кеткен. Арадан 62 жыл өткөндөн кийин өз мектебине Москва шаарынан кайра келип отурат.

Мектепке келип классына кирип, бала чагын эстеп, көзүнө жаш алды.

№17 Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери менен жолугушуп, ыраазычылык билдирди. Мектепке музыкалык аппаратура жана ноутбук белек кылган Красюков «кечелерди дайыма ушул аппаратура менен өткөрүшсүн» деп кошумчалап кетти.

Автор: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу