Ооган-Талаа айылында сармерден болуп өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин 7-8-класстарынын окуучуларынын катышуусу менен сармерден болду. Сармерден «Кыргыз тилим — менин дилим» деген ураандын алдында өттү.

Сармерденди мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Фарида Кадырова уюштуруп өткөрдү. Иш-чарага катышкан 7-8-класстарынын окуучулары кыз-жигиттер тобуна бөлүнүп алышып, саламдашуу, макал, акыйнек, жаңылмач айтышуу, кыргыз бийлери жана ырлары боюнча өнөрлөрүн тартуулап таймашышты.

«Сармердендин негизи максаты — кыргыз тилин өнүктүрүү болгондуктан ырлар, саламдашуулар ушул багытта болду», — деди орус тили мугалими Полот Тиркешов.

Сынактын соңунда кыз-жигиттер бирдей орунду ээлегендигин жана жакшы деңгээлде даярданганын калыстар тобу белгилеп кетишти.

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу