Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү балдарга балмуздак таратты

Баетов айылында балдарга арналып өткөрүлгөн иш-чарада Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы майрамга келген бардык балдарга бекер балмуздак таратып берди.

Бөлүмдүн жетекчиси, милициянын полковниги Т.Кадыровдун айтымында, бөбөктөрдүн майрамына карата демөөрчү болууну кызматкерлердин бардыгы колдогон.

Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира