Сүрөт: Баетовдо балдар күнү белгиленди

Балдардын эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунун Баетов айылында иш-чара өттү. Балдардын иш-чарасы райондук маданият үйүндө өтүп, ага балдар менен бирге ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев балдарды майрамы менен куттуктап,  “балдар жана алардын келечеги үчүн чоңдор дайыма жоопкер” экендигин айтты.

Райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын тарбиялануучулары “Жети улак жана карышкыр” жомогун коюшуп, ырдап-бийлешип келген бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира