Чоң-Арыктык 20 жылдыктар мектепке өз салымдарын кошушту

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргоол орто мектебин 1997-жылы бүтүргөндөр билим алган уясына өз салымдарын кошушту. Алар даярдоо классын оңдоп, жасалгалап беришти.

Мектептин даярдоо классынын мугалими Тамара Сүйүнбаева буга чейин бөлмө шарты начар жана караңгы болгонун айтат.

«Ал эми азыркы класс жарык, кенен болуп калды. Балдарга да жакшы болду. Азыр класста парта, столдор жетишсиз. Жалал-Абад облусунан парта, столдор бөлүнгөн, ошолорду күтүп жатабыз. Класста жетишпеген жерлер бар, аларды өзүбүз райононун жардамы менен бүтүргөнгө аракет кылабыз», — деп билдирди Сүйүнбаева.

Мектеп директору Базарбек Раманкулов бүтүрүүчүлөрдүн жардамы маанилүү экендигин белгиледи.

«1-кабаттан фойедеги бош жерден даярдоо классына 20 жылдыктар кабинет ачып беришти. 10-20 жылдыктардын жардамынын мектеп үчүн мааниси зор. Мисалы, 10 жылдыктар спорт зал үчүн узундугу 6-7 метр келген төрт отургуч жасап беришти. Мурда даярдоо классына кабинет жана жарык жакшы жетчү эмес. Ал масале азыр чечилди. 10-20 жылдыктарга сунушум, мектеп администрациясы  менен кеңешип анан жардам көрсөтсө жакшы болмок», — деди Раманкулов.

Алтынбек Жуманазаров 1997-жылы мектепти бүтүрүп кеткен. Быйыл 20 жылдык майрамга классташтары менен жолугушканы келген.

«Кабинетке жалпысынан 70 миң сомдой акча сарпталды. Бир жуманын ичинде жасалып бүттү. Мектеп окуучуларына керек болгондугу үчүн жасап бердик», — деди ал.

Даярдаган: Эрмек кызы Аймээрим, Таласбек кызы Элнура.