Бакай-Ата айылындагы жайыттардын абалы туруктуубу?

Бакай-Атанын тургуну Өскөн Молдобеков айылга караштуу 20 миң 62 гектар жайыт бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул жайыттар жазгы, жайкы жана кышкы жайыттар болуп бөлүнөт.

      Аудио: Бакай-Ата айылындагы жайыттардын абалы туруктуубу?

Молдобекова бүгүнкү күндө Бакай-Ата айылынын жаратылышы оор абалда дегенге макул эмес.

Ал эми айыл тургуну Жоомарт Бейшеналиев Бакай-Атада жайыт жерлердин абалы өтө эле оор деген пикирде. “Жол, көпүрөлөр жана жапайы тикен чөптөр өсүп кетти”, – деп нааразы болду ал.

“Жыл сайын эле тоого жайлоого мал алып чыгамын, жайыттардын абалы өтө эле оор жана учурда жайлоого бара жаткан жолдор, көпүрөлөр толугу менен оңдолбойт”, – деди Бакай-Ата айылынын дагы бир туругуну Улан Ташыбеков.

Даярдаган: Дамир Мамбеталиев

«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт».