Таласта туристтерди туура тосуу боюнча семинар болду

132

Талас шаарында 11-майда «Меймандостук менен туристтерди кантип тосуу керек» деген аталышта семинар өттү.

Окутууга туризм тармагындагы өкүлдөр катышууда. Өтүп жаткан окутуунун негизги максаты — экотуризим моделин жайылтуу жана айылдардагы конок үйлөрүн өнүкүрүү, алыскы региондордо жашаган адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө зыян келтирбей, маданиятты сактап даңазалоо.

«Окутууда конок үйлөрүнүн шарттары, аларды эл аралык стандарттарга даярдоо, туура жарнама берүү, келген туристтерди тосуп алуу, бөлмөлөргө жайгаштыруу, алардын тамак-ашы, тазалык тууралуу үйрөтүлүп жатат. Айыл жергесиндеги заңгыраган үйлөрдөн бош бөлмөлөрүн конок үйү катары уюштуруу менен айыл жергесиндеги аялдар жумуш менен камсыздалат», — деди иш-чаранын уюштуруучулардын бири Роза Кайыкова.

Даярдаган: Камчыбекова Р.