Жерге-Талдын иичиндеги тазалыкка кѳңүл бурулбай келет

Жаздын келиши менен айлана-чѳйрѳнү тазалоо иштери жургүзүлѳ баштайт.   Негизинен ишембиликтер мекемелердин айланасында гана жүргүзүлүп, айыл  ичиндеги кѳчѳлѳргѳ кѳңул бурулбай калат. Бул себептен Жерге-Тал айылынын кѳркү  бузулуп, экологияга да зыяны тийүүдө.

      Аудио: Жерге-Талдын иичиндеги тазалыкка кѳңүл бурулбай келет

Жергиликтүү кеңеште бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын Жерге-Тал айылдык кеңешинин тѳрагасы Алмаз Ѳмүровго кайрылдык:

Бизде ушул жылдын жаз айынын алды менен айылдык кеӊеш тарабынан  таштандыларды тазалоо боюнча 35 миӊ сом бѳлүнгѳн жана бул акчага жеӊил ремонт  жүргүзүлдү. Бирок жетишерлик деӊгээлде эмес. Айыл тургундарына ушул маселе боюнча жыйналыш ѳтүлдү. Таштандылардын экологияга тийгизген терс таасири  боюнча айтылды”.

Айылдын кары адамдарынын бири Алтын Жумаева айылдын тазалыгын сактоо үчүн ар бир тургун аракет кылуусу керек дейт.

Айлана чѳйрѳнү таза кармаш үчүн ар ким ѳзүнүн короо-жайын, тегерек-четин тазаласа, үйүнѳн чыккан таштандыларды айылдан алыс тѳгүш керек. Эгерде менин  колуман келсе, айыл тургундарын айлана-чѳйрѳнү таза кармоого жана  таштандыларды ыргытпоого үндѳмѳкмүн”.

9-класстын окуучусу Азамат Жолдошбек уулунун айтымында, айылга таштанды үчүн урналар орнотулса, айылдын тазалыгы жакшы болот эле деген оюн билдирди:

Атайын иштетилбеген жерлер бар, ошол жерлерге элдер таштандыларын ташташат. Атайын урналар болсо жакшы болмок жана эл дагы таштандыны урнага ыргытууга  кѳнмѳк”.

Айыл тургуну Таалайбек Жумалиев тазалыкты сактоо үчүн үй-бүлѳ менен биргеликте  тазалыкка кам кѳрүү керек деген ойдо:

Айылдын тазалыгын сактоо үчүн балдарыбыз менен айылдын тегерек-четин  тазаласак, айылыбыздын ичинде тазалык сакталат”.

Даярдагандар: Элина Темирбекова, Аиза Жаныш кызы, Автандил Талант  уулу