Таласта жеке ишкерлер бирикти

72

Талас облусунда ар тараптуу бизнес-ишкерлер көп. Талас ЖИА Бизнес Ассоциация өз ишин Талас облусунда 2011-жылдан бери жүргүзүп келет. Талас облусу боюнча 40тан ашык мүчөсү бар.

Талас облусунда бизнес тармагы ар тараптуу өнүккөн. Ар бир ишкер өзүнүн бизнесин өнүктүүрү менен алек. Бизнес Ассоциация ЖИА бүгүнкү күндө бүткүл өлкө аймактарындагы 500дөн ашуун ишкерлерди бириктирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Ал эми 2013 жылы официалдуу түрдө Талас облусунда ЖИА Ассоциациясы негизделген. Негизги максаты – жеке ишкерлер менен тыгыз байланышта болуу, алардын бизнесинин өнүгүүсүнө жардам берүү жана аймактык ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жардам берүү, ошондой эле жеке ишкерлерге бизнес боюнча окуу өткорүү. Негиздөөчүлөр Талас облусунун жеке ишкерлери.

Талас ЖИА Бизнес Ассоциациясынын директору Бектурсун Такелеевтин айтуусу боюнча, Талас облусунда 40тан ашык мүчөсү бар. Алар бизнес чөйрөдөгу көрүнүктүү жаш ишкерлер. Ассоциациянын жардамы менен инвесторлор менен байланышып, чет өлкөлөрдөн партнерлор менен келишим түзүп, облус боюнча болгон маселелерди чоогу чечишет.

Талас шаарындары “Куликовский” дүкөнүнүн жетекчиси Самар Рустамович ЖИАнын мүчөсү:

“Бул ассоциацияга 2016 жылы кошулгам.Бир гана пайдалуу жагын көрүп жатам.Көптөгөн конференцияларга катышып, белгилүү адамдар менен таанышып, керектүү маалыматтар менен камсыз болуп жатам. Пайдасы абдан чоң. Бирок маселелер көп бизде, чечиш үчүн көп убакыт талап кылынат. Ошол маселелер тез-тез чечилсе жакшы болмок. Башында айтылган көйгөйлөрдү, маселелерди чечиш үчүн  мен ойлойм бизге Ассоциация жардам көрсөтмөкчү”

ЖИА бүгүнкү күндө ишкерликти өнүктүрүүдөгү реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүчү аянтча болуп саналат. Жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын, ар бир ишкерге бизнеске байланыштуу тигил же бул тармактагы көйгөйлөрүн билдирүү жана чечүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган атайын тармактык комитеттер коргойт. ЖИА мүчөлөрү ишкерликти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен көптөгөн тармактарда иш алып барышат. Бизнес Ассоциация ЖИА өкүлчүлүктөрү бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы экономикага ээ АКШ, Туркия, Жапон,  Кытай жана Украина сыяктуу өлкөлөрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Даярдаган: Кубанычбекова А.