Токтояндагы музоо майыптыгына карабастан жакшы өсүп жатат

Токтоян айылында үч ай мурда майып музоо туулуп, учурда абалы жакшы. Анын башка музоолордон айырмачылыгы — мойну жана буту кыйшык, бирок ошондой болсо да башка музоолорго салыштырмалуу өсүшү жакшы.

Бактыгүл Сыдыкованын айтымында, майып музоо үч ай мурда туулган. Майыптыгына карабастан учурда башка дени сак музоолор менен бирдей өсүүдө.

«Башка дени сак музоолор менен тең өсүп, башка музоолордой эле чуркайт, аябай активдүү. Калыбына келтириш үчүн эч кандай аракет кылган жокпуз», — деп билдирди Сыдыкова.

Эмне себептен мал майып болуп калышы мүмкүн экендигин Токтоян айылынын ветеринары Сүйөркул Искаков

“Уйлардын ден соолугуна байланышту болот. Оору-сыркоо уйларда көп болот   кышында уйларды тоо-токойго айдайбыз. Калыбына келтириши үчүн дарылоо, тамак ашын дурустап берип, букаларды ордуна келтирип 2ден 4 жашка чейин багыш керек. Кичинекей букаларды кошкон туура эмес, музоолор начар түшүп калышы мүмкүн.

 

Даярдагандар: Азат Орозгулов, Канат Нурланов, Айтбек Дүйшөн уулу

Редакторр: Нуриса Максат кызы