Ак-Талаада токойлордун ассортиментин көбөйтүү иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда жалпы токой чарбасы 81700 гектарды түзөт. Мунун ичинен 18 миң гектарга жакыны токой баскан аянт.

Токойлорду сактап калуу максатында Германиялык өнөктөштөрдүн 3жарым млн сомдук грантына 300 гектар жерге ар кандай жемиш, бадал өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү отургузулган. Табияттын ар кандай өзгөрүүлөрүнө улам катаклизимге учураган чөлкөмдөрдү калыбына келтирүу менен бирге токойлордун ассортиментин көбөйтүү иштерин жасап жатабыз дейт Ак-Талаа токой чарбасынын жетекчиси Бакыт Эсенгулов:  2010-жылдан бери питомниктерди уюштуруп, ассортиментин көбөйтөлү дегенбиз. Пландарыбыз бар. Посадка отургузабыз. Посадка дегенибиз ошо  көчөт  отургузуу   20 гектар жерге. Өзүбүздүн Шабыр деген жерде чоң   участкабыз бар.  Эки жылдан бери   урукту да ошо жерге себебиз. Ошонун 70 сотых жерине 37 миң көчөт отургузганбыз. Азыр 40-50смге жетип калды. Кийинчерек мына күн ысык боло баштабадыбы. Буюрса кадимки соснаны  өстүрүп жатабыз.

Ак-Талаа районундагы туз, көмүр жана Казармандагы алтын кендеринин карьерлери ачык бойдон турат. Мындай кен иштеткен карьерлердин ачык болушу токойлордогу бак-дарактарга, жан-жаныбарларга терс таасирин тийгизүүдө.

Анткени биз шамалдын багытында турабыз дейт Нарын аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын адиси Беделов Эсенбек

1987-жылдан баштап эле ачык карьер болуп калды. Макмал Кош-Дөбөдөн нары  ашып кетсе 20км турат. Ал эми Ак-Талаа району шамалдын багытында деңгиз денгээлинен бийик турат.  Шамалдын багытында тургандыктан таасир бербей койбойт  экен. Муну байкаганыбыз Ала-Буга суусун, биягы Жылуу-Суу Үгүттүн токойлорунда жан-жаныбарлардын, куштар,балыктардын  азайып кетиши болду.   Кыргоол, коендор азайып кетти. Токойлор болсо куурай баштады. Мындан бир 15-20жылдагыдай эмес. Жакшынакай өсүп келатып эле  куурап кетип жатат. Кендердин ачык болушу таасир этип жатат.

Чычырканак бадал өсүмдүгү жана шалбаалуу, суу жээктеринде өсөт. Мындан бир канча жылдар мурда чычырканак  токойлору бар эле. Баетов  айылынын тургуну  Кожоевам Жыргал  дарылык касиети күчтүү чычырканак сатармандыктан улам  жок болуп баратканын айтты:

Арча, карагай токойлору бар. Тянь-Шань карагайы бар. Андан сырткары кайың аралаш бизде. Кийнки учурда  чычырканакты көрүүгө зар болуп калдык.  Менин оюмча чычырканак таптакыр жок болуп кетти окшойт. Кудай Таала берген белек болчу да. Дары катарында пайдаланып жатат.  Сатып жатышат, бизнес жасап.  Чычырканак биздин суулардын, дарыялардын жээктеринде  көп боло турган эле. Эми Ак-Талаанын арчасы өзгөчө  арча. А арчаны илгертен ата-бабаларыбыз   ден-соолукка пайдалуу деп  үйдү ысырыктоого колдонушкан.  Фитонситтердин 65 пайызын  башка өсүмдүктөргө караганда арчалар бөлүп чыгарат.  

 Жоголуп  бараткан бадал өсүмдүгүн көбөйтүү үчүн  уруктарын кышында чоңойтуп алып, жаз алды менен  отургузуп жатабыз дейт Бактыбек Эсенгулов: Буюрса чычырканак жакшы эле. Бирок ошону да питомникте  көбөйтүү  уруктарын чогултуп, көбөйтүү аракеттерин көруп жатабыз. 

Токой элдин баа жеткис байлыгы. Аны сактоо  жалгыз эле токойчулардын эмес баарыбыздын атуулдук милдетибиз экенин унутпайлы.

Басылма  Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын  жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Даярдаган: Г. Мамытбекова