Барскоон пляжынын жээгиндеги таштандылар Ысык-Көлгө зыян алып келүүдө.

Ысык-Кѳл кээде тыптынч, кээде толкун,

Толкуса толкунуӊа мен ортоктошмун

Жашоодо канча досту күтсѳм дагы,

Бир сырдуу сендей досту күткѳн жокмун.

Деп Алыкул агабыз ыр саптарында айтылгандай, кереметтүү кѳлүбүзгѳ кандай гана залкар адамдар жүрѳктѳрүнѳн чыккан ыр саптарын арнашкан. Кѳлүбүздүн кооздугуна кимдер гана суктанышпаган, канчалаган адамдар эс алышып ден-соолуктарын чыӊдап кетишкен. Кѳлүбүздүн керемети, анын айланасындагы климаттык шарт жеке эле адамдар үчүн эмес баардык жан- жаныбарлар, ѳсүмдүктѳр үчүн дагы чоӊ мааниге ээ. Эң бир чон койгой болуп таштандынын ар тарапта ээн эркин жаткандыгын эч ким талаша албайт.

Айыл окмоту тарабынан тазалыкты кармоо учун канчалаган айлыктар, ишчаралар откорулду. Ар бир адам оз журум-турумун карашы керек жана жалгыз жаратылышыбызды аяп койуусу керек экендигин эч ким танбаса керек. Тазалык үчүн айыл окмоту тарабынан уюштурулган иш чараларды, тазалык айлыктары жонундо билиш учун Айыл Окмотунун башчысы Руслан Эшмамбетов менен маек курдук жана элге болгон кайрылуусун уктук:

 

«Элибиздин кайдыгерлигинен болуп жатат мунун баары эле. Ошол жерге барып эс алган адамдар өзүнүн тамак-ашын жегенден кийин боклашкаларды таштабай, үйлөрүнө алып барып же болбосо бизде полигон бар ошол жактарга алып барып таштап турса эле жакшы болмок.  Бул касиеттүү көлүбүздү  Аллабыз жараткан ушуну туура түшүнүп туура баам берсе эле. Кудай Алла таалам жараткан касиеттүү баардык жерлерибизди көлүбүз болобу ушул тазалыгыбызды  сактай билишибиз керек. Көрсөткүчтөрүбүздү ар бир адам көрсөтсө эле биз тазалыкта жашайбыз деген үмүттөмүн мен».                                                                                             

Буга чейин Барскоон пляжынын жээгине канчалаган таштанды салуучу урналар жана чечинуучу жайлар орнотулган. Ал гана эмес урналардын тышына «пласстик салуучу» жана «тамак аш салуучу» деп жазып элдер туура тушунуп эрежелерди сакташат деген ишеним менен орнотушкан. Таштандылар  аралашып салынса деле мейли эле, бирок таштандыны эч ким ал жакка которуп барып дагы койгон жок. Баардыгы кыймылдабастан оордунда кала берди. Айылдагы «Чыңгыз» магазининде коп жылдан бери иштетип келген Гүласель Таабалдиева  бул койгой боюнча мындай деди:

  

«Көлүбүздүн эми тегерегинин баары кир болуп турганы биздин жайкы келген туристерге аябай эле тескери таасирин тийгизет. Магазинден сатылган азык-түлүк, салофан, боклашкалар бүт эле ошолор булгайт. Аны булгабасын дейли десек кагаздан жасалган баштыкчалар жок,ошого салып берели десек. Көп жолу колдоно турган айнек бутулкаларга куюулган азык-түлүктөр жок. Эгерде ошолор болсо биз деле ошолорду сатмакпыз. Солафан баштыктын ордунда кагаз мешочек бар болчу. Аларды өртөп ийгенге да оңой болчу. Ошону үчүн таза болчу. Эми көлүбүз кирдебеш үчүн ар ким жооп керчиликтүү болуш керек».

Тазалык- бул тема ар дайым актуалдуулугун жоготпой келет. Айлана-чөйрөнүн бул абалга келишине ким күнөлүү деген суроого албетте биз эл деп жооп беребиз. Эл деген ким? Алар бизбиз, өзүбүз тазалыкты биринчилерден болуп сакташыбыз керек. Элдин оюн билүү үчүн айыл тургуну Дуйшөнаалы Айткулуев менен маек курдук. Ал тазалык боюнча өз оюн төмөнкүдөй билдирди:

 

« Көңүл коштуктун азабынан болуп жатат. Бала болобу, чоң болобу каалаган оокатын кайда кааласа ыргытып, анын баарын жыйнап адамдар ийге келип атат. Аң  сезимге көбөйүп атат. Жаратылышты коргоо, жаратылыш таза болуш үчүн көп көңүл бөлүнүп атпайбы. Тазалыкты сактайлык, сергек жашоо, таза жашоо болсун. Баардык жерде баскан турганыбыз таза, калдыктарды таштабай, ар кайсындай нерселерди ыргытпай жыйнап жүрөлү».  

Ар бир адамга жаратылыштын бузулушу оз зыянын алып келет. Ошондуктан жон гана өзүбүздүн ден-соолугубуз учун таштандыны таштабай, туура бөлүштүрүп, жаратылышка колдоо көрсөтөлү.

Кайран кѳл! Карап турсаӊ, оозу болсо, кѳзү болсо, үнү болсо нѳшѳрлѳгѳн кѳз жашын тѳгүп, баардык үнү менен дүйнѳгѳ ѳкүрүп кайрылат беле?

Даярдаган:  Гүлкайыр Осмоналиева.

«Бул уктуруу Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Уктуруунун мазмуну Жамааттык Жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын  Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт.