Кара-Суу: Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болду

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Жылдыз көчөсүнүн жашоочулары суу түтүктөрүн казылган жерге орнотуп бүтүштү.

Бул тууралуу Кара-Суу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Роман Алгожоевду кепке тарттык.

– Эл өзү ортодон акча чогултуп суу чыгарып жатат. Айыл өкмөттөн 20 миң сом берилди. Сууну чыгарууга Жылдыз көчөсүнүн тургундары активдүү катышып жатышат. Ар бир үйдөн бир-эки кишиден чыгып жатышат. Бүгүн түштөн кийин Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болушат.

Жалпы Кара-Суу айылында үч күнгө суу өчүрүлүп, суу түтүктөрү орнотулуп андан кийин Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болду. Жылдыз көчөсүнүндөгү ар бир үй-бүлө өздөрүнүн эшиктеринин алдына суу киргизип алышты.

Даярдаган: Азирет Туратбеков, Гүлзада Бейшенбекова.