Куланак: Колунан көөнөрү төгүлгөн уста Шаршанбек Арунов

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шаршанбек Арунов жыгач усталык менен алектенет. Анын устаканасына баш багып, маектешип келдик.

Саламатсызбы? Канча жылдан бери бул өнөрдү аркалап келе жатасыз?

– Мен бала кезимде сүрөткө кызыгып сүрөт тартчумун. Анан кийинчээрек айылдагы лицейде көп жыл иштеп калдым, ошондо лицейди бүт оңдоп, анан жыгач менен иштөөгө туура келип калды. Анан ошондон баштап ушул өнөрдү аркалап келем.

Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?

– Атам чоң уста болгон. Атамдан калган өнөрдү калтырбай мен улантып келе жатам.

Жыгачтан эмнелерди жасайсыз?

– Эми мен жыгачтан көп эле нерселерди жасайм, мисалы стол, сандык, китеп койгон текче жана башка нерселерди жасайм.

Азыркы жаштарга эмне дээр элениз?

– Жаштарга илгерки ата-бабалардан калган буюмдарды унутта калтырбай жасап келишсе дээр элем. Боз үй, сандык, ээр жана башка нерселерди жасашып, ушуларды колдонушса жакшы болот эле. Анткени мунун баары унутулуп келе жатат.

Үйрөтүңүз деп келгендерге үйрөтөт белеңиз?

– Үйрөтөм колумдан келишинче, эмнени аямак элем, мындан ары да ушундай нерселерди жасап улантып кетишсе жакшы да.

Маектешкен: Дилде Шатан кызы