Барскоондо 9-май Жеңиш күнү белгиленди

Барскоон айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди. Барскоон айылында бир согуш ардагери, бир тылда эмгектенген жана 19 курман болгон ардагерлердин жубайлары бар.

Алгач майрам № 55 Кесипттик Лицейдин, Эшманбет Кендирбаев,Чылабай Казыбаев атындагы мектептердин, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Бала бакча, АБЗ, ДЭУ,Таарылгы Булак, БУЭС жана Ак-Түз Тазалык ишканаларынын эмгек жамаатыры жана окуучуларынын курамында турган парад басуу менен башталды.

  

Программанын жүрүшүндө № 55 Кесипттик Лицейдин «Ак-Шумкар» тобу, Эшманбет Кендирбаев жалпы орто билим берүүчү мектебинин «Шумкар» тобу жана бийчилер тобу өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулап көпчүлүктүн батасына ээ болушту.

 

Программанын аягында Айыл Өкмөтү тарабынан уюуштурулган комиссиянын чечими менен эң мыкты деп табылган ишканаларга байгелүү оорундар угузулуп белектер тапшырылды.

 

Андан соң көзү өтүп кеткен ардагерлерибизге куран окулуп, эстеликтерге гүл чамбарлар коюлуп, Барскоон айылдык маданият үйүндөгү чакан иш чара болуп өттү.

Бул иш чарада Барскоон айылынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов ардагерлерибизди чын жүрөктөрүнөн куттуктап, аларга арналган чакан белектерин тапшырды. Айыл өкмөтубуз ардагерлерге жардам берүү ушуну менен эле чектелип калбастан отун-суу, акчалай ,гуманитардык жардамдар жана жеңилдиктер берилип тураарын баса белгилеп өттү.

  

Иш чаранын соңунда Улуу Ата-Мекен согушунун катышуучуларына арналган чакан концерттик программа берилди.

Ардакттуу ардагерле ар дайым бар болгула. Сиздерге дагы бир жолу таазим. Биздин келечегибиз үчүн кан- жанын аябай согушта болгон ата, апаларыбызды майрамдары менен куттуктап ден-соолуктары чыӊ болуп, бакубат өмүр сүрүүсүнө тилектешпиз.

Даярдаган: Эрлан Абласов