Ардагердин ак батасын алган шаардын жетекчилери

329

Ардагердин ак батасын алган шаардын жетекчилеринин катары уланууда. Бүгүн 9-май Улуү Жеңиш майрамын салтанаттуу белгилөөнүн алдында Сүлүктүдөгү «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясынын жетекчиси, коомдук ишмер, «Эл сүйгөн жетекчи 2016» номинациясвнын жеңүүчүсү Исманали Карабаевдин алгылыктуу ишине күбө болдук.


«Жыл сайын эмгек жамаатым менен Сүлүктү шаары боюнча, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин жана тылда эмгектенгендерди үйүнө барып куттуктап колдон келген жардамыбызды берип келебиз. Быйыл да Согуштун ардагери Взых Низамудиновду жана тылда Эмгектенгендерди үйүнө барып куттуктап, көмүр жана башка жардамдарыбызды берип жатабыз. Улуу муундарга кызматкылуу, жардам берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз деп билебиз. Биринчи кезекте өзүбүздү өзүбүз сыйласак гана шаарыбыз, мамлекетибиз оңолот»- дейт Исманали Джумабаевич. 

Ардагерлердин Ак Юатасы тийсин демекчибиз.

Кабарчы: Б. Сапаркулов