Эл сүйгөн жетекчи Карабаевдин Ардагерлер аллеясы

342

Туптуура эки жыл мурда «Кызыл-Булак» шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев тарабынан Сүлүктү шаарынын Элмуратов өз алдынча башкаруу аймагына Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн аллея ачылган.

 

Быйыл да 9-майга карата эмне жумуш болуп жаткандыгы жөнүндө Исманали Джумабаевич, Өзү бекер көмүр жеткирип берип жаткан жеринен жолугуп кепке тарттык:

«Эми мен башында, эки жыл мурда эле айтпадым беле, бул аллеяны өркүндөтүү иштерин системалуу түрдө, тынымсыз жүргүзүп келемин деп.  Быйылкы жылдагы өзгөчө жери,  атайын Бишкек шаарынан петунья деген гүлдүн көчөттөрүн алып келип олтургуздум. Анткени Бишкек менен Сүлүктүнүн аба ырайы окшош келет жана бул гүлдөр эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөп тура берет. Мындай гүлдөр  Көпчүлүк Эл билгендей, Бишкекте Филармониянын айланасында көп олтургузулган. Андан сырткары Согуштун ардагерлери жөнүндө архивдик материалдарды, фото материалдарды жана Эл оозунда калган өмүр баяндарын чогултуп келемин. Бул материалдарды Сүлүктү жөнүндө китеп жазган тарыхчы окумуштууларга берейин деген оюм бар. Балким бир убактысы келгенде өзүм деле китеп жазып калышым мүмкүн, келечек көрсөтөөр. Шаарыбыздагы Согуштун Ардагерин жана тылда Эмгектенгендерди үйүнө барып куттуктаймын. Азыр болсо шаар боюнча аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө ар бирине он кап көмүрдү үйүнө жеткирип жатамын. Бардыгы Бир Жараткандын ыраазычылыгы үчүн. Элибизде Эч качан согуш болбосун. Аллахым бардык момун мусулмандардын катарында Кыргыз Элиме да  жакшылыктарын берсин»-  дейт Исманали Джумабаевич.

Сүрөттө: И. Карабаев менен тылда Эмгектенген М. Джангибаева

 

«Исманали Джумабаевичке чооң ыракмат. Жылда 80 кирген энебизди жоктоп келип, көмүрүн, башка белек-бечегин берип, кубантып, көңүлүлүн көтөрүп кетет. Эми энебизди өзүбүз деле карайбыз бирок Чоң шахтанын директору, Өзү келип кабар алганда Энем өзгөчө кубанып калат. Исманали Джумабаевичке аябай ыраазыбыз»- дейт Майрам Джангибаева эненин баласы Бакыт Джангибаев.

Кабарчы: Б. Сапаркулов