Чоң-Тогузбай айылынын комузчусу Алина Жапарова

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Алина Жапарова алты жашынан баштап чыгармачылык чөйрөгө аралашып, музыкалык аспаптарда ойноо менен алектенип келет.

Алинанын айтымында, комуз үйрөнүүдө кыйынчылык жаралган эмес. Ал кантип комуз чертип калагын төмөнкүчө баяндады.

«Ушул өнөрүмдү 1-класста муузыка сабагынан берген эжейим байкап калган. Ошондон тартып мен ырдайм жана көптөгөн музыкалык аспаптарда ойной алам. Мен комуз, гитара, аса таяк, шалдырак, добулбас, ооз комуз, кыл кыякта да ойной алам. Мен мындан кийин да мызыка чөйрөсүндө ийгиликтерди жаратам деп ойлойм себеби мен жашоомду музыкасыз элестете албайм», — деп токтолду жаш комузчу Алина.

Алинанын апасы Кутбүбү Токмокбаева кызынын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого аракет кылаарын айтат.

«Кызымдын чыгармачылык чөйрөсүнө колубуздан келишинче салым кошобуз жана ошондой эле өнөрү өнүксө экен деген ойдобуз. Керектүүсүнүн баарын камсыздайбыз. Окуусун бүтсө чыгармачылык чөйрөсүн улантып кетсе экен деген ойдо келечекте Бишкек шаарындагы Күрөңкеев окуу жайында окуп, белгилүү, таланттуу, эл керегине жараган инсан болсо экен деп жатабыз», — деди Токмокбаева.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактору: Салават Жангабылов