Чоң-Тогузбай айылында алма көчөтөрү отургузулду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Мектеп алдында мөмө-жемиш, бак-дарактарын өстүрүү» долбоору боюнча 200 түп алманын көчөттөрү отургузулду.

Аталган мектептин директору Эркинбек Садыровдун айтымында, көчөттөрдүн ар бири 225 сомдон сатылып алынган.

«Бул көчөттөр Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун долбоору боюнча келди. Көчөттөрдүн ар бири 225 сомдон болгон 200 түп алма  келди. Алманын сорттору превосходный, айдарек, семеренка», — деп билдирди Садыров.

Мектептин математика мугалими Акылбек Тууганбаевдин ою боюнча, бул окуучуларга чоң таалим-тарбия болгон.

«Бул көчөттөрдү окуучулар менен биргеликте отургуздук. Бул иш-чара уюшкандыкта өттү жана муну менен окуучуларга көчөттөрдү кантип, канча аралыкта отургузуу керек экендигин жана жакшы түшүм бериш үчүн кандай кароо керек экендигин үйрөттүк. Мындан сырткары бул алмаларды коргоо максатында тегерегине зым тор тартуу маселесин карап жатабыз», — деп кошумчалады Тууганбаев.

Мамытов мектебиндеги көчөттөрдү отургузуу иштерине катышкан окуучулардын бири Индира Ташболотова:

— Балдар жерлерди казышты, биз суу куйдук. Бул көчөттөрдү отургузуу менен биз көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөндүк жана бизден кийинки инсандарга үлгү болот деген ишеничтемин. Бул иш-чара жаратылышты көрктөндүрүү менен мектепке зор салымын алып келди. Бир бар жыксаң, миңди тик дегендей, биз да жаратылышты коргоо маселесин көтөрдүк деп ойлойм.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов