Чоң-Тогузбай айылынын баатыр энеси жана ардактуу мугалими Нургүл Турдубаева

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Нургүл Турдубаева 30 жылдан бери мектепте эмгектенип, ошондой эле жети баланы тарбиялап келет.

Турдубаеванын беш кызы жана эки уулу бар. Кубанычбек Мамытов атындагы мектепте отуз жылдан бери математика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет.

“Эки ишти алып баруу оңой. Убакытты туура бөлүштүрөм жана баарына жетишкенге аракет кылам. Мугалимдик кесип ары татаал, ары сыймыктуу кесип, өз балдарым менен чогуу элдин балдарын да тарбиялап келем”, – деп ой бөлүштү Нургүл эжей.

Турдубаеванын кесиптеши Гүлзат Касымова:

– Нургүл Турдубаева аталган мектепте көп жылдан бери иштейт. Үйүндө балдарына кандай жакшы мамиле кылса, мектептеги окуучуларга да ошондой мамиле кылат. Балдар менен жакшы мамиле түзөт. Ийкемдүү, түшүнүктүү, тажырыйбалуу мугалим. Мугалимдер жамаатында да жаш мугалимдерге акыл насаатарын айтып, катуу кетпестен кемчиликтерин акырын түшүндүрүп тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов