Улуу Жеңиш майрамын утурлаган Ак халатчандар

340

9-май Улуу Жеңиш майрамын Сүлүктү шаарындагы №1- жана №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери үлгү болорлук аракеттери менен күтүп жатышат. 

Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору, саламаттыкты сактоонун отличниги Ибрагимов Асат Арзыбаевичтин демилгесин колдоого алган дарыгерлер, бардык медицина кызматкерлери 2017-жылдын 4-майынан баштап Сүлүктү шаары боюнча Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Вазых Низамутдиновдун (Сүлүктү шаары боюнча бирөө эле калган) үйүнө барып, ардагердин ден-соолугун мобилдик аспаптардын жардамы менен көзөмөлдөн өткөрүшүп эле жөн калбастан таттуу белектерин, «азык түлүк корзиналарын» тартуулашты.

Андан сырткары Сүлүктү шаары боюнча Согуш учурундагы тылда эмгектенгендердин ар биринин үйүнө барып Согуш Ардагеринен кем калбаган камкордуктарды көрүүдө. Дарыгерлердин айтуусуна караганда бул иш чара 10 майга чейин улантылмакчы.

Кабарчы: Анварбек Тухтаров