Тасмада мугалимдерге компютердик сабаттуулук боюнча окуу болду

Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебине электроника институту жана телекоммуникация тарабынан уюштурулган маалымат жана интернет технологияляары боюнча кыска мөөнөттүк окутуу курсу болуп өттү.

Окуу “Мектептерди бириктирүү долбоорунун” алкагында жүрдү. Аталган окуу 11-16-апрелде болуп, ага Түп районундагы бардык информатика сабагынан берген мугалимдер окушту.


Мугалимдерди Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен Гүлмира Каримова окутту. Каримованын айтымында, бул окутуу курсунун негизги максаты – азыркы инфокоммуникацияларды терең колдонуу, мугалимдердин иш тажрыйбасын жогорулатуу.

“Бул жердеги мугалимдер инфокоммуникация, технология жана системаларын колдонуп өзунүн бүгүнкү окуу иштерине колдонулган материалдарды жасаганды билсе. Бул мектептерди бириктирүү деген долбоордун негизинде уюштурулган курс, бул долбоорду каржылаган эл аралык байланыш уюму”, – деп билдирди Каримова.

Сопиев мектебинин мугалими Асел Омор кызы бул окутуу курсу айыл жергесиндеги мугалимдерге пайдалуу болгонун айтат.

“Биз бул курста көптөгөн керектүү жаңы нерселерди үйрөндүк. Жаңы программалар менен иштедик, Түп районунан жалпы 15 мугалим келди”, –  деди Асел Омор кызы.

Курстун катышуучусу Кундуз Шалтабаева дагы кесиптештерин кубаттап бул беш күндүк курс мугалимдерге пайдалуу болгонун билдирди.

“Чындыгында учурда мугалимдердин компьютерди колдонуу деңгээли, сабаттуулугу ар башкача, себеби ар башка жакта окуган, кээ бири курстарды эле бүткөн. Шартка байланыштуу ошондой мугалимдер жумушка алынып атат. Эми бул институттун уюштурган окуу курсунан кийин мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу бир аз болсо да жогорулады деп ойлойм”, – деп бөлүштү Шалтабаева.

Даярдагандар: Саадат Турдуматова, Айгерим Кубатбекова.