Бакай-Ата: Кургак учукту биргелешип токтотобуз!

415

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деп кыргызда бекеринен кеп козголгон эмес. Азыркы замандын талабына ылайык бир жылда эки жолу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюу аздык кылбаса көптүк кылбас.

Бакай-Ата районунда 24-март күнү атайын иш-чара уюштурулуп, райондук оорукананын жыйындар залында Айылдык ден-соолук комитетинин
(АДК) кызматкерлери «Кургак учукту биргелешип токтотобуз!» деген ураан менен акция уюштурушту.

Кургак учук оорусу тууралуу Талас облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкери, Бакай-Ата райондук физиатрия бөлүмүнүн дарыгери Анара Кожоназарова менен маек курдук.

IMG_0487Сиз облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда канча жылдан бери эмгектенип келесиз?

— Мен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 26 жылдан бери эмгектенип келем. Ал эми Бакай-Ата районунда физиатр дарыгери жок болгондугуна байланыштуу иштөөгө туура келип, 2008-жылдан бери жумасына бир жолу келип жарандарды кабыл алып турам.

Районго келгенден бери, кургак учукка кабылгандардын саны кыскаруудабы же болбосо тескеринче өсүүдөбү?

— Мен иштеген жылдан бери райондо жылдан жылга бир, эки оорудан болсо дагы азайып келе жатат десем болот.

Кургак учук деген эмне? Кимдер ооруйт, кургак учукка кабылгандар айыгабы?

Кургак учук айыгат. Бул инфекциялык оору, бул оору менен адам дагы ооруйт, жаныбарлар дагы ооруйт. Кургак учук менен ооруган адамдар эгерде какырыгынан «кох таякчалары» табылса, бир үй-бүлөдө бир нече же көп убакытка чейин жашаса, жугуп калат (ачык формасынан БК+). Бирок кээ бирде жукпай да калышы мүмкүн. Кургак учук менен ооруганда эң биринчи белгилери болуп эки жумадан ашык жөтөл, түндөсүн тердөө, салмагын жоготуу, тамактануусу начарлап, төш сөөктөрү ооруйт. Ооруу өтүшүп кетсе, өпкөсүндө көптөн бери оору пайда болгон болсо анда ал адам жөтөлгөндө какырыгында кан аралаш болуп, тез чарчап, окуучу боло турган болсо анда ал сабагынан начарлап сабакка көп көңүл бурбай, эске тутуусу да начар болуп калат.

Оору, адамдан адамга кандай жол менен жугуп калуу коркунучу бар?

— Ооруу адамдан адамга жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Ал эми энеден балага жукпайт, анткени бала тондун ичинде жатат. Энеси кургак учук менен ооруган болсо да жукпайт, эгер БК+ болсо анда эне бет жапкыч менен оозу, мурдун жаап коюп эмгизе берсе болот. Мисалы, кош бойлуу аял дарылана берсе болот, балага эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Кээ бирөөлөр айтат, бойдон түшүрүп салуу керек деп, бирок түшүрүп салуунун эч зарылдыгы жок. Баланы чоңойтуп, эне дарылана берсе болот. Бирок курсактагы балага алты ай болгончо рентгенге түшүгө болбойт, алты айдан кийин белдемчи кийип түшө берсе болот.

IMG_0509Оорулууга кандай көзөмөлдөр жүргүзүлүп турат?

— Мурун бизде, жугуштуу ооруларга көзөмөл жок болчу, азыр көзөмөл күчтүү болуп жатат. Жугуштуу ооруларга кабылгандар эки жума ооруканада жатат, алардын ар эки жума сайын какырыгын алып, какырыгы тазаланганга чейин текшерүүгө жиберилип турат. Эгер какырыгы тазаланып анализдери таза чыкса үйүнө дарыланууга жиберсе болот. Кургак учуктун эки түрү бар, өпкө (кургак учук менен жабыркагандардын 70 пайызы ооруйт), калган 30 пайызы мээ, ички бездер, жыныстык органдар, омуртка, сөөк, тери, бөйрөк жана башка органдардын кургак учугу болуп эсептелет.

Эгерде сөөк муундар менен ооруган адам болсо аны кантип аныктаса болот?

— Мисалы, белинен ооруп калды дейли, бул оору башка сөөк-муун ооруларындай эле, нервдик оорулардай эле сезилет бирок рентгенге түшүп коюу керек. Азыр Кыргызстанда жакшы компьютедик томографиялар бар, ошолорго түшүп текшерилип, бүт майда ооруларына чейин билип алууга болот. Сөөктөн жабыр тартканда же оору өтүшүп кетсе дары-дармек көп деле таасирин тийгизе албайт, анда сөзсүз түрдө операциядан өтүшү керек. Операциядан кийин тартибин сактап, дарыларын ичип дарыланса сакайып кеткендер болот. Айыл аймактарда катталган оорууларга акча каражаттары бөлүнүп, амбулаториялык дарылануудан өтүп турат. Эгер оорулуу 3-6 күнгө чейин дары ичүүгө себепсиз айылдык ҮДТ же ФАПка келбесе анда төлөнүүчү акчасын ала албай калат. Кургак учук менен ооруган адамдарга анализ бекер, дарылар акысыз берилет. 2015-жылга караганда 2016-жылы ооруулулардын саны азайды.

IMG_0477

Ооруну алдына алуу үчүн эмне кылуу керек?

— Ооруну алдына алуу үчүн эң алгач ооруп калган адамды сен оорулусуң деп жарандардын арасынан бөлүп койбош керек, тескеринче ооруп калган адамга дем берип, сен айыгасың, дары дармектерди маалы-маалы ичип тур деп, тууганы болобу, кесиптеши болобу, айтор жакын адамдары эгер оорулууну ооруганын билсе, багыт берип туруу керек. Бул кургак учук айыга турган ооруу. Ал эми кээ бир тартипсиз оорулуулар бар, дарысын убагында ичпей коюп, оорусун күчөтүп алышат. Ошондуктан баарыбыз бирге аракет кылсак, кургак учук менен ооругандар айыгышып, райондо да, облуста да жада калса респуликабызда да бул ооруга кабылгандар азаймак. Ал эми мурда союз маалында бардык эмгек жарандарын атайын аппарат менен жыл сайын текшерип турчу. Азыркы маалда биздин райондо флюра аппараты 2005-жылдан бери иштебей келет. Аппаратты оӊдотуу үчүн ар тарапка кайрылып келишет, бирок баары келип акча каражатына такалууда. Ошондуктан жалпы жарандарга айта кетчү маанилүү масале, жылына үй-бүлөсү менен рентгенге түшүп, текшерилип турса жакшы болот. Себеби өзүнүн ден-соолугунан маалымат алып турмак.

Рентген деп калдыӊыз, ал аппаратка түшкөндө адамга рентген нурунун зыяндуулугу жокбу?

— Рентген нурунун терс таасири тийбейт. Элдин арасында мындай ой жашап калган да «Мен рентгенге түшсөм, алты айлык өмүрүм кыскарат деп» бирок мен айтар элем, андай эмес деп. Биринчиден, бизге өмүрдү Кудай берет. Эгер кудай кимди оорутам десе же өмүрүн алам десе бир кана Кудайдан.

Кайрадан сөздү кургак учук оорусунуна бурсак. Кургак учукта эки форма болот эмеспи ошолор тууралуу айтып берсеӊиз.

— Кургак учукту формасы боюнча ала турган болсок, эки формада болот БК+, БК- деген. БК+ бул ачык формасы, ачык формасы менен ооруган адамдын какырыгында кох таякчалары болот. Ал эми БК- деген жабык формасы, жабык формасы менен ооруган адам какырганда аталган таякчалар жок болот. Жанындагы адамга да зыяны жок болот. Дарыланууда БК+ менен ооруган адамга салмагына жараша болот, бир таблеткада төрт дарынын составы болот. Эгер оорулуу төрт дары алса, төрттү төрткө көбөйтсө 16 таблетка, кээ бирилери 24 таблетка ичкендер да болот. Дары ичип жаткан мезгилде башка адамга зыян болбойт.

Даярдаган: Тимур Молдогазиев