Бакай-Ата: Таланты таш жарган Марат Бүркүтбаев

437

Марат Бүркүтбаев учурда Бакай-Ата райондун белгилүү ырчысы. Ал убагында Чубак Сатаев менен чогуу ырдап, ырларын жаздырууга жетишкен. Марат Бүркүтбаев болгон маекти сунуштайбыз.

Саламатсызбы, Марат мырза! Сиздин ырчылыка аралашканыңызга канча убакыт болду?

— Саламатчылык! Кутман күнүңүздөр менен! Ал эми мени менен группалаш болуп жүргөндөр окуп жүргөндө эле жанталашып чуркап, ырдап чыгып кетишкен. Ыр жаздырып, клип тарттыра берсең элге тааныла берет экенсиң. Мен андай кылган жокмун. 1990-жылдары досум Чубак Сатаев жана анын үкөсү менен сүйлөшүп олтуруп, эл арасында ырдап жүргөн ырларыбыздан жаздырып коюуну чечип, ырларды аткарып чыктык.

IMG_0002

Сиздин ырчылык элге жагып жатабы?

— Шоуга кичине кезимден, тактап айтканда, 3-классымдан тарта эле аралашкам. Мектепте кандай гана иш-чара болбосун, ал жерде мен эле жүрчүмүн. Кээ бир ырчыларга караганда мен жети облусту мектепте окуп жүргөнүмдө эле жаш талантардын кароо сынактарына барып, көрүп койгом. Ал кезде аябай жакшы кароо-сынактар, балдарды коргогон уюмдар бар эле. Үйдө ал кездеги алган сыйлыктарым сакталып турат. Шоуго эрте аралашканым менен бирок бизнес кыла элек болчумун (күлүп). Бизнести эми гана жасай баштадым. Шоу бизнесте жүргөнүмө кубанычтамын. Анткени, ар бир күн абдан кызыктуу, өзгөчө болуп өтөт. «Медалдын эки бети болот» дегендей шоу бизнестин дагы оң жана терс жагы бар. Бул нерсени айтып кетпесем болбос. Жакшы, жаман адамдар бар. Жакшы көргөн, ичи өрттөнүп күйүп, ичи тарыган адамдар да болот. Жашоодо чыгармачыл адам болуп жаралган соң, Кудай Таалам талант менен кошо өзгөчө көрө албастыктыкты берип коёт окшойт.

Коомчулукка таанылып, сый-урматка ээ боло баштаганыңызда сизде кандай сезимдер болууда?

IMG_0003— Абдан жакшы сезимдер болот экен. Бул нерсенин көп кырдуулугу бар экен. Бирде баары жакшы болсо, кээде ага каршы иштер болуп кетет. Мисалы, жаманы коомчулукка тааныла элегимде үйдөн жөнөкөй эле жука шортик, майка же футболка кийип алып көчөгө чыгып, базарды түрө кыдырып, мырзаларга тиешелүү шаймандарды мык, балта сатып алып, сатуучулар менен соодалашып эле жүрчүмүн. «Неге сени сүйдүм ай» деген ыр элге бат эле таанылып кеткендиктен, баардыгы болбосо дагы кээ бири мени көчөдөн, базардан таанып калышкан. Бир аз таанылып, сый-урматка ээ болгондон кийин жөнөкөй кийинип алгандан уялып калат экенсиң. Ошондон кийин базарга ырастуу кийимдерди кийип чыгып калгам (күлүп). Чыгармачыл адам болгондон кийин көчөдө өзүңдү тыкан, тартиптүү, түз алып жүрүшүбүз керек. Эгер эл биздин бир эле жаман жагыбызды көрүп калышса, жийиркенип калышат. Ал эми жакшысы кайда барба талаада калбайсың. Чөнтөгүңдө акча калбай калып, кайсы айылда же талаада калып калсаң, ырчы экениңди таанышып, болгон сый-урматтарын көрсөтүп, үйүңө узатып коюшат. «Таланттуу талаада калбайт, таланттуу өлбөйт» деген сөзгө толугу менен кошулам.

Жылдыз оорусу көпчүлүк ырчыларга тааныш эмеспи. Сиз дагы жылдыз оорусуна чалдыгып көрдүңүз беле?

— Жок, бул оору мага тааныш эмес. Өзүмдү эч качан жылдыз сезген эмесмин жана сезбейм дагы. Жылдыз оорусу менен ооруй турган мезгилден өткөн окшойм. Эгер мен дагы башка ырчылардай болуп сахнага 17 же 18 жашымда чыгып, таанылып кете турган болсом, анда оорусам керек болчу. Азыр мага жылдыз болуп ооруган жарашпайт. Мен сахнага чыга электе менден биринчи чыгып кеткен досторумдун баары тең жылдыз оорусу менен оорушкан. Жалгыз бир досум гана бул оору менен ооруган эмес. Калганы бүт оорушкан. Жакын группалаш, парталаш, чайлаш, бир сом болсо аны тең бөлүп, нанды, тамакты да чогуу бөлүп жеп, эки сом болсо ага троллейбуска чогуу түшүп, кучакташып жүргөн досторум эки-үч ай ичинде бир эле ыры радио толкундан кетип, кичине аты чыгып калса бой көтөрүп, саламдашпай, теңсинбей, киши карабай башкача сүйлөп калгандары болгон. Ушул кызык суроону туура узаттыңыз, жылдыз сезип жүргөн досторум муну окуп калып, өз күнөөлөрүн сезип коюшсун. Аттарын атабай эле коёюн өзүлөрү билишет.

Сиздин башка ырчылардан айырмачылыгыңыз эмнеде?

— Башка ырчылардан айырмам деле жок го… Толук жигит болсом керек (күлүп). Башка ырчылардан айырмам ырларды жандуу аткарганымда. Көпчүлүк учурда жандуу аткарганга мүмкүнчүлүк болсо, ар дайым жандуу ырдайм. Эгер техника начар болсо, ар кандай музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдайм. Аспаптарды үйрөнүп алганыма азыр абдан кубанам. Чыгармачыл адам болгондон кийин сөзсүз түрдө аспапта ойносо жакшы болот экен. Комуз, кыяк менен көп ырдаса үн дагы абдан жакшы тарбияланып ачылат. Устаттарым Улукмырза Полотов, Роза Аманова, Исмаилов аттуу агайларыма абдан ыраазымын.

Азыркы тапта популярдуулукка жетип турган маалыңыз. Сизди сүйүп уккан күйөрмандарыңыздан тойлорго болгон чакыруулар көп түшүп жатса керек. Атайын чакырууларга «ставкаңыз» барбы?

— Ооба, чакыруулар аябай көп болуп турат. Мени көпчүлүк ырчы катары эмес, тамада катары жакшы таанып калышты. Күз мезгили кирип келээри менен «Бизге тамада болуп бериңиз» деп кайрылгандар көп болгондуктан, жаңы жылга чейин алдын ала мени «брондоп» коюшат. Тойдон кол бошобогондуктан, тойго ырдап барганга убакыт болбойт.

Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
НМ