Тогузбайдын жаш сүрөтчүсү Аделина Кеңешбек кызы

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жаш тургуну Аделина Кеңешбек кызы сүрөт тартып, эмгектери менен мугалимдеринин көңүлүн буруп келет. Ал сүрөткө 1-классынан кызыгып тарта баштаган.

Аделина көбүнчө чарчап турган кезинде сүрөт тартып, мындан кадимкидей эс алаарын айтат.

“Ар кандай сүрөттөрдү кагаз бетине түшүргөндө дал өзүндөй болот. Эгер тарткан сүрөтүм окшошпой калса ыйлагым келет. Мен көбүнчө жаратылыштын сүрөттөрүн көп тартам. Дагы сүрөтчүлүгүмдү улантам деген ниетим бар”, – деди 6-класстын окуучусу, жаш сүрөтчү Аделина.

WhatsApp Image 2017-03-30 at 2.41.43 PM

WhatsApp Image 2017-03-30 at 2.41.03 PM

Аделинанын эжейи Гүлзат Касымова окуучусу сүрөт тарта баштаган кезден бери анын өнөрүнө көз салып келатат. Касымова анын эмгегин баалаарын айтат.

WhatsApp Image 2017-03-30 at 2.44.00 PM

WhatsApp Image 2017-03-30 at 2.40.18 PM

“Аделинанын тарткан сүрөттөрү кадимкидей башка окуучулардан айырмаланып турат. Анын тарткан сүрөттөрүн бир караганда эле тааныйм. Бул кыздын тарткан сүрөттөрүнүн келечеги кең. Бул кыздан дизайнер болбосо да, мыкты сүрөтчү чыгат”, – деп айтты эжейи Касымова.

Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн