Токтоян: Казылып толук бүтпөй калган канал тургундарга зыян тийгизип жатат

Түп районуна караштуу Токтоян айылында казылып жаткан каналдын бүтпөй калышы турак-жайларга терс таасирин тийгизүүдө. Жаратылыш кырсыктарынан коргонуу маскатында бул канал салынып жатып, токтоп калган.

Токтоян айыл башчысы Атабек Албановдун айтымында, бул иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аягына чейин чыгарышы керек.

“Биз бул маселе тууралуу 2013-жылы арыз менен ӨКМге кайрылганбыз. Эмне себептен токтоп калганы белгисиз. Бирок буга ӨКМ жооптуу болот. Жаратылыш кырсыктарында сууну тосуу максатында бул канал курула баштанган болчу”, — деп билдирди Албанов.

IMG-20170325-WA0008

Учурда бүтпөй калган бул каналдын натыйжасында тургундардын короолоруна суу ташкындап, күз келгенде жашылча-жемиштерине терс таасирин тийгизген.

Айыл тургуну Сарыбаев Асангалый:

— Суу толгон учурда салынып бүтпөй калган каналдан суу келип биздин огороддорду каптайт. Бул биздин жашылча-жемиштерди чирүүгө алып келип жатат.

IMG-20170325-WA0007

Токтояндын дагы бир жашоочусу Улан Сарыбаев:

— Бул канал жеке эле огородго эмес турак-жайга да таасир берип жатат. Учурда бул көйгөйгө ким жооптуу экенин билбейм жатам.

Даярдаган: Абдыбеков Султан
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн