Өнөрлүү айым Гүлнура Карабаева

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну жана Коёнкөзов мектебинин мугалими Гүлнура Карабаева кол өнөрчүлүк менен да алектенип келет. Ал кийиздин бетине саймаларды түшүрүп, түрлүү буюмдары жасайт.

Саламатсызбы, сиз ушул кол өнөрчүлүк менен кантип алектенип калдыңыз?

— Саламатчылык, мен кичине кезимден кол өнөрчүлүккө кызыгып, кийинчээрек ар түрдүү буюмдарды жасап калдым.

20170313_094023

Бул буюмдарды эмнеден жасайсыз?

— Мен кадимки сатылма кийиздин бетине сайма, оюуларды түшүрүп жана ар түрлүү шурулар менен да кооздоп жасайм.

Көбүнчө кайсыл буюмдарды жасайсыз?

— Көбүнчө сумкаларды жана белекке бере тургандай кооз сувенирлерди жасайм.

Бул иш менен канча жылдан бери алексиз?

— Негизи мен дайым эле жасай бербейм. Бош убакыт болгон учурда жасап турам. Беш жылдай болуп калды.

IMG_20170324_155142

Бул кол өнөрчүлүктү кимден үйрөндүңүз эле?

— Мен кичине кезимден ушундай нерселерди жасоого кызыкчум. Ошол себептен кийинчээрек жасап көрүп, өзүм оңой эле үйрөнүп кеттим.

Жасаган буюмдарыңызды сатасызбы?

— Кызыккандар көп, бирок азырынча сата элекмин. Себеби сайма жана оюу түшүрүү бир топ убакытты талап кылат экен. Көбүнчө жасагандарымды жакындарыма  белекке берем.

Колуңузга береке, маегиңизге чоң рахмат!

Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн