Мүйүздөн камчы жасаган Майрамбек Шаршембиев

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Майрамбек Шаршембиев теке, кулжанын мүйүздөрүнөн камчыларды жасап келет. Камчыларды жөн гана жасап койбостон, алардын башына түрлүү жаныбарлардын сүрөттөрүн да түшүрөт.

Ал бул кол өнөрчүлүк менен алек болгонуна төрт жылдын жүзү болду. Жана бул камчыларга кызыгып, буйрутма берген адамдар да жок эмес. Камчыдан сырткары кайыштан ат жабдыктарын да жасайт.

IMG_20170324_113244

IMG_20170324_115014“Мен негизи бул камчыларды дайым эле жасай бербейм. Өзүм жылына жайлоого мал алып чыгам. Ошол жактан жерде жаткан теке, кулжанын сынган мүйүздөрүн чогултуп, бул жактан бош убакытым болсо кээде-кээде жасап турам. Жасалган камчыларга кызыгып сатып алгандар да бар. Бир камчыны чыгынып жасасам бир-эки күн кетет. Жана түрлүү сүрөттөрдү түшүрүп, сатып алуучуларга миң сомдон баалап жатам”, — деп айтып өттү Майрамбек аба.

Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн