Аралда аймактык жеңил атлетика оюндары болуп өттү

Түп районуна карашту Чоң-Тогузбай айылынын кыздары жана балдары Арал айылындыгы жеңил атлетика оюндарына катышып ийгиликтүү кайтып келишти.

Арал айылынын дене тарбия мугалими Нурбек Маданбековдун айтымында, оюнду өткөрүүнүн максаты – жаштарды дени сак жашоого үндөө.

“Бул аймактык оюн “Манастын урпактары – дени сак улут” деген ураандын алдында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан спорт оюндарына арналган мелдеш булуп эсептелет. Бул оюндарды жаш өспүрүмдөрдүн ден-соолугу чың болсун деп өткөрүп жатабыз. Жети айылдын спортчулары катышып Арал, Миң-Булак, Долон командалары жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алышты”, – деп билдирди Маданбеков.

image (1)

Ал эми Чоң-Тогузбай айылынан келген спортчу кыз Мадина Эсенгелдиева жеңишти багындыруу оңойго турган жок дейт.

“Мен Чоң-Тогузбай айылынын Мамытов мектебинин атын коргоп келдим. Жеңишке жетишиш үчүн бир жарым ай убакыт даярдангам, ушунун натыйжасында 100 метр аралыгына чуркап биринчи келип, Мамытов мектебине 2-орунду камсыз кылдым”, – деп айтып өттү Эсенгелдиева.

image (2)

Арал айылынын окуучусу Самара Марксова командалардын даярдыгы абдан жакшы экенин айтып өттү.

image

“Бул аймактык оюнда жеңил атлетика боюнча кыздар жана балдар арасында жүз, эки жүз, төрт жүз, сегиз жүз метр, бир жарым жана үч километр алалыгында чуркоо боюнча таймаш өттү. Командалар мыкты деңгээлде даярданып келишиптир, ошонун натыйжасында мыктылар райондук оюндарга жолдомо алышты”, – деп өз сөзүн жыйынтыктады Самара.

Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн