Чоң-Тогузбай айылынын ишкер айымы Динара

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Динара Мамытова айылдагы төрт дүкөнчүнүн бири.

Динара Мамытова кантип дүкөн ачып иштетип калгану жөнүндө буларды айтып берди.

– 1996-жылы Түп району боюнча сүт жыйноо башталган, ошол жылдарда биздин айылдан сүт жыйнап Түпкө өткөрүп берчүмүн. Андан соң чакан дүкөн ачып, бир нече жылдардын аралыгында кеңейттим. Учурда сүт дагы алып, дүкөндү да иштетип жатам. Элдин суроо талабы боюнча баардык товарларды алып келип берүүгө аркет кылып жатабыз.

WhatsApp Image 2017-03-21 at 1.13.48 PM WhatsApp Image 2017-03-21 at 1.18.25 PM

Ал эми Динара эженин кызынын Назминин айтымында, дүкөндө иш күнүгө кызуу жүрөт.

“Дүкөндүн иши көп болот, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алып чыгып, алардын ордуна жаңы товарларды коюп кардарлары тейлейбиз. Мындан сырткары күнүгө эртең менен жана кечинде сүт алабыз, алардын да иши көп убакытты алат. Апам мындан сырткары почта бөлүмүндө да иштейт, ал жакта да кызуу иш алып барат”, – дейт Назми.

WhatsApp Image 2017-03-21 at 1.19.11 PM WhatsApp Image 2017-03-21 at 1.21.20 PM

Айыл тургуну Кишимжан Эгембердиеванын айтымында бул дүкөнү айылга зор салымын тийгизип жатат.

WhatsApp Image 2017-03-21 at 1.18.48 PM

“Совет союзу тараган соң баардыгыбыз Динардын дүкөнүнөн соода кылчубуз, азыр да соода кылабыз. Бул дүкөн ачыла элек кезде туз алыш үчүн дагы шаарга барчубуз. Акчабызды жарымы жолго кетчү. Эми бул дүкөн ачылганы абдан жакшы болуп элге ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, – деди Кишимжан Эгембердиева.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн