Токтоянда райондогу мектеп директорлорунун семинары өттү

Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинде семинар болуп, ага Түп району боюнча жыйырмадан ашуун мектептин директорлору катышышты. Семинардын негизги максаты — “Бирге окуйбуз” долбоорунда жазуу көндүмдөрүн баалоо жана дилбаян картасын түзүү.

20170313_10431620170313_092705

Келген директорлор каттоодон өткөн соң, китепчелер боюнча топторго бөлүнүп, ар бир класска калыс болушту. Семинар учурунда кичи класстын жетекчилери ар кандай темада сабактарды өтүштү. Алар: театр форум өтүшүп, кыргыз үйүн, кичи лагерче, жомоктогу каармандарды жасап жана жалпы семинардын бөлүмү, максаты тууралуу слайддар аркылуу көрсөтүлдү.

20170313_09362020170313_091645

Коёнкөзов мектебинин “Бирге окуйбуз” долбоорунун ментору Сүйдүмкан Бөрүбашова семинар боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

20170313_095300

— Бизде “Бирге окуйбуз” долбоору эки жылдан бери өз ишин алып барып келет. Түп району боюнча “Бирге окуйбуз” долбооруна жыйырма эки мектеп өтүп, долбоор боюнча иштеп жатышат. Семинарда кичи класстын жетекчилери ар кандай темалар боюнча иштешти жана бул жакта ата-энелер да чоң салымын кошуп, театр форум коюп беришти.

20170313_092253

Даярдаган: Адилия Мундукова
До
Сынак үчүн