Чоң-Тогузбайдын күндөн-күнгө өнүгүп келе жаткан жаштары

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында спорт сарайы салынгандан бери чыгаан спортчу кыздар менен балдар күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебинин дене тарбия мугалими Жанарбек Жумакадыр уулунун айтымына, спорт сарай салынгандан баштап окуучулардын спортко болгон кызыгуусу өсүп, спортчулар ийгиликтерди багыта баштаган.

WhatsApp Image 2017-03-18 at 12.12.16 AM

“Айылда самбо, кыргыз күрөш боюнча өзүнчө машыктыруучулар бар. Алардын окуучулары эл аралык мелдештерге чыгып жатышат. Грек-рим күрөшү боюнча өзүнчө машыктыруучу бар, анын окуучулары эл аралык таймаштардан орун алып келип жатышат. Мындан сырткары баскетбол, волейбол жана спорттун баардык түрлөрү боюнча машыктыруучулар бар. Айылдагы спорттун өнүгүүсү мыкты деңгээлде кетип бара жатат. Көп жаштардын кызыгуусу көк бөрүгө өтүп, ат оюндарына басым жасалып жатат. Бирок жалпы жонунан спорттун өсүшү жогорку деңгээлге жетишип бара жатат”, – деп айтып өттү Жумакадыр уулу.

Мектептин волейбол командасынын капитаны Мадина Эсенгелдиева аймактык мелдештерден ийгиликтерге жетип жатканына токтолду.

WhatsApp Image 2017-03-18 at 12.11.01 AM

«Волейбол менен мен 4-классымдан бери машыгам. Бир жыл жакшы деңгээлде даядандым, экинчи жылы командага кошулдум, бир нече убакыттан соң талыкпаган эмгектин аркасы менен капитан команды болуп дайындалдым. Аймактык оюн болгондо медал жана жакшы чабуулчу деп диплом беришкен, ошол сыйлыгым абдан кубанычтуу болгон. Мен алдыга койгон максаттарымдын бири – алыскы республикаларга жана мамлеккеттик командаларга кошулсам дейм», – деген оюн билдирди Мадина Эсенгелдиева.

WhatsApp Image 2017-03-18 at 12.12.42 AM

Чоң-Тогузбай айылынын мыкты делген спортчу балдарынын бири Арген Азымбеков грек-рим күрөшү менен машыгып келет.

WhatsApp Image 2017-03-18 at 12.22.30 AM

“Мен 7-классымдан бери греко-рим күрөшү менен машыгып келем. Ошол убактан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Башында айылдардан андан соң райондордон утуп келдим. Мындан сырткары облустарга, республикалык турнирлерге жана эл аралык сынактарга чыгып катышып жеңишке жетишип келдим. Менин эң чоң сыйлыгым – бул 2016-жылы Бишкекте эл аралык мелдеште 2-орунду ээлегем, ошону менен сыймыктанам. Менин алдыга максаттарым чоң. Кыргыз элимдин желегин желбиретип, элге таанытып эл сыймыктанган балдардан болсом деген ой-тилектерим бар”, – деп өз сөзүн аяктады Арген.

Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн