Токтоян: Окуучулар сыйлыктарга ээ болушту

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинин окуучулары Улуу Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болушту.

Коёнкөзов мектебинин 9-классынын төрт окуучусу китептер жана I даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Алар Ата-Мекенге арналган дилбаян жазып, сүрөттөрдү тартып жана слайддарды жасашкан.

IMG_20170313_115423

Бул тууралуу 9-классынын жетекчиси Элмира Мукамбетова төмөндөгүлөрдү билдирди:

— Бул окуучулардын жасаган иштери биринчи районго алып барылып, ал жактан мыкты деңгээлдеги дилбаяндар, сүрөттөр, слайддар тандалып, республикага жөнөтүлгөн. Окуучуларымдын бул жетишкендиги биз үчүн сыймык.

Сыйлыкка ээ болгон окуучулардын бири Малика Турдубекова:

— Биз үчүн бул сыйлыктар күтүүсүз болду. Мен Эгемендүү Кыргызстан жөнүндө дилбаян жазып, конкурска катышкам. Сыйлыкка ээ болгондордун бири болгонума кубанычтамын.

20170313_104415

Слайд жасап, сыйлыкка ээ болгон окуучулардын дагы бири Нуриса Максат кыз эжей-агайларга ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Биз эки-үч кыз биригип, слайд жасаганбыз. Ал слайдда Кыргызстандын белгилүү жана кооз жерлери чагылдырылган. Бизге ушунун баарын үйрөткөн эжей-агайларыбызга ыраазычылыгым билдирем”, — деди Максат кызы.

Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн